Чагылган: Айтылуу «Барселонанын» жана  Аргентинанын курама командасынын  чабуулчусу Леонель Месси Европа чемпионатынын жыйынтыгы боюнча эң көп гол киргизген оюнчу катары аталып, акыры «Алтын бутс» наамын алды. Ошентип, ал бул  абройлуу сылыктуу алуу боюнча Роналдуга жетти. Эми алдыдагы жылдарда басып деле кетиши толук мүмкүн. Миллиондогон футбол күйөрмандарынын кумирине айланган Месси Испания чемпионатынын жүрүшүндө 37 гол киргизген эле. Ал эми андан кийин Португалиянын «Спортинг» командасынын оюнчусу Бас Дост 34 гол менен экинчи орунга ээ болсо, үчүнчү орунга  дортмундук «Борусиянын» оюнчусу Пьер-Эмерик Обамейянг 31 гол  менен илинди . Эске салсак, Месси буга чейин Европа чемпионаттарынын 2009-2010, 2011-2012 жана 2012-2013 сезонунда мыкты бомбардир аталган.

https://www.youtube.com/watch?v=WgTK3XOyD5Y

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here