Урматтуу досторум!

Алгач баарыңыздарды Рамазан айы менен куттуктайм, ар бир үйгө ынтымак, береке-ырыскы тилейм!

Тазалануу, кечиришүү айында дарегиме айтылып жаткан каралоолорду, жана караниеттик менен жалган маалымат таратып жаткан адамдын далилсиз ушактарына жооп берип, анын негативдүү сөздөрүнө чекит коюп, мындан ары жашоомдо унутуп салууну чечтим.

Айчүрөк Асылбековна бүгүн эле мага каршы сөздөрдү айтып жаткан жок, мен турмушка чыккан 10 жыл аралыгында көп жолу түрдүү кылыктарын көрсөтүп келди. Мен анын бардыгына чыдап, көз жумуп, теңелбей келдим. Биринчиден эже менен айтышкым келген жок, экинчиден канткен менен маданий чөйрөгө алып келген устатым катары каяша кылгым келген эмес. Эми, жалгандын негизинде токулган ушактарынын ар бирине токтолуп жооп берейин:

«Китебиме сизди сөзсүз жазам»

1.Сиз жазган кайрылууңузда “мен сени жазган китебиме киргиздим эле, сен өзүңдүн китебиңе мени жазбай койдуң”,-деп таарыныпсыз. Менин китепчемде мода жана жеке бизнесиме байланыштуу маалымат, сүрөттөр жарыяланган. Ал жер жеке эскерүү же чыгармачылык жолум баяндалган эмес. Буюрса, келечекте китеп жазып калсам, сизди сөзүз жазып, салымыңыз тууралуу эскерем.

2. “Махабат Көлү” деген ырымды уруксатсыз ырдады деп чырдын башы ушундан чыкты. Аталган чыгарма маркум Марат Алыбаевге таандык. Эл сүйүп уккан ырды сизден кийин деле 7-8 ырчы аткарып келди. Эмнеге алар менен талашкан жоксуз? Экинчиден, чыгарманы жеткиликтүү аткарган ырчыны эл өзү эле кабыл алып, баа берет. Мындан тышкары ал ыр сиздин менчигиңиз эмес экенин дагы тактадым. Маркум Марат Алыбаевдин бир тууганы Акын Болот агабыз “Ал ыр эч кимдин менчиги эмес, ким аткарбасын каршылык жок. Агам убагында чыгарма жаратты, аны азыр элге жеткирип, ырдап жатканына кубанычта гана болобуз. Эгер кимдир бирөө талашса аларды мага жибер”,-деп айтты. Эми, сиздин урушка себеп издеп, ырды шылтоо кылганыңыз белгилүү.

3. “Үйүмдөн сага жай берип, балдарымдай кам көрдүм”,-дедиңиз. Аны жокко чыгарган жокмун, азыр дагы ыраазычылык айтам. Менин чыгармачылыкка келгениме албетте сиздин таасир, эмгегиңиз чоң, аны эч ким талашбайт. Ал үчүн милдет кылуунун кажети жок эле. Устаттын тилеги, шакирти элге таанылса жемиши ошол эмеспи. Менин ийгиликке жеткеним – сиздин эмгегиңиз экенин эл дагы билет, сиз аны сыймыктануу менен кабыл алыштын ордуна, кайра мага карата ушак таратып жатканыңызды кандай түшүнсөк болот? Менден башка дагы чыгармачылыкка алып келген шакирттериңиздин кимиси менен азыр сый мамилени сактап калдыңыз, алар кайда? Эмнеге алар дагы сизден алыстап кетишти, же баарыбыз эле жаманбызбы? Мейли, мен жаман экенмин, эмнеге калганы менен жакшы болуп жаныңызда жүргөн жок?

4. Сиз көзү өтүп кеткен жана өлкөдөн качып кеткен, дайын дареги жок адамдар менен мени “жакындаштырып” салыпсыз. Мунун сыры эмнеде? Же, жалган сөзүнүздү төгүндөп бере албай турган адамдардын атын атап, мени оңой каралап, жаманатты кылып салууну максат кылдыңызбы? Башкасы мейли, арбак алдында жалган айтканга кантип батындыңыз? Кудайдан корккон адам кантип ушундай бетпакчылыкка барсын?! “7-8-класста Москвага бара жатып, поезде телефон аркылуу Мухтар Өмүракунов менен сүйүүңөр жөнүндө сүйлөшкөнүңөрдү угуп, Назми экөөбүз тоңуп калганбыз”,-депсиз. Ошол убакта менин чөнтөк телефонум жок эле. Экинчиден, Мухтар Өмүракунов 7-8-класстагы кыз менен сүйүшүп, махабатташты деген сөзүңүзгө акыл-эсинен ажырап калган адам эле ишенбесе, адекваттуу ой жүгүрткөн адам аябай таң калса керек. Сиз мындай жалган сөздөрүңүз менен мени жаманатты кылам деп, кыргыз элине кадыр-баркы бар Мухтар агабыздын арбагына дагы шек келтирип алганыңызды сездиңиз бекен? Ал киши менен сый мамиледе болуп, сыйын көрүп жүрүп, көзү өтүп кеткенде мынтип арбагына шек келтиргениңиз мусулман адамдын жоругубу? Анын артында калган балдары, үй бүлөсү эртең сизди далилдеп бер десе, кантип жооп берем деп ойлонгон жоксузбу? Кара ниеттик менен көзү жок адамдарга жабыштыргандан абайлаңыз, анын Кудай алдында берчү жообу бар.

“Анжелика биринчиликти сатып алды” деп ушак жүргүзгөн…

5. Сиз, “жалтырак кийинип, жасанып алып, таланты же үнү жок” деген мага айып койдуңуз. Анда ошол таланты жок кыз сизден кетип калганына эмнеге кайгырып жатасыз? Таланты жок кыздан кутулганыңызга кубанбайт белеңиз?..

6. “Адыл Бакиев баш болгон чоңдор менен Швейцарияга кеткенсиң”,-деп айтканыңызга да жооп берип коёюн. Сиз жакшы билесиз, мамлекеттик иш-чараларга ырчылар, маданият өкүлдөрү катышып барып келген учурлар көп болот. Мамлекеттик деңгээлде уюшулган иштерге ал жерде ким болот, биз аны тандабайбыз. Ырчылар ыр болгон, жакшылык болгон жерде ырдайбыз. Ошол иш сапарында “Камбаркан” ансамбли, Жеңиш Ысманов, Заира Раимбердиева, Дильшат Кангелдиева жана мен чакырылганбыз. Сиздин оюңузда кыргыз маданиятын чет элге таанытып келгендин баары эле “туура эмес жол” менен барып келген болуп саналабы? Же, сизде бул жаатында тажрыйба барбы? Мындай сөзүңүз менен башка чыгармачыл адамдарга дагы шек келтирип койгонуңузду, өзүңүздүн кесиптештериңизге туура эмес маалымат таратканыңызды түшүндүңүз бекен…

Мындан тышкары бир убакта болуп өткөн Цирктеги долбоордон утуп чыкканымды дагы башкача жоромолдоп жатат. Ал, менин утуп чыгышымды каалаган эмес. Эжеден кеткендин баары эле жашоодо ордун таппай, ийгиликсиз калып, кайра кайрылып келип Айчүрөк эже менен гана айтканынан чыкпай калышын кааласа керек. Ошондо дагы ар кайсы маалыматтарды таратып, “Анжелика биринчиликти сатып алды” деп ушак жүргүзгөн. Кызыгы долбоордун катышуучулары, атаандаштарым же уюштуруучулар эмес, Айчүрөк эже ар кайсы кеп таратканы мага түшүнүктүү эле болгон. Азыр катышуучулар дагы тастыктап беришет. Сиз, мындай аракеттериңиз менен шакирт же кызматташууга келген жаштарга бакыт каалап, уядан учурбай, көз каранды кылып, өмүр бою байлап алгыңыз келет экен. Устат деген түшүнүк сиз үчүн ушундай тура. Буга чейин көп жолу мага карата ар кайсы кепти токусаңыз да унчуккан жокмун. Мен коркуп же башка үчүн эмес, устат менен шакирт катары айтышып элге уят болбойлу дедим. Сиздин ыраазычылыкты алайын деп көп жардам бердим, “салон ачтым, гезит чыгарганы жатам, концерт берейин дедим эле” дегенде каржылык жардам бердим. 2013-жылы сиз сольный концерт берем деп, анын чыгымына мен акча бердим. Максатым ошол концертте сахнада сизден бата алып, ары-бери тартышып жүргөн кептерге чекит койгум келген. Мен, Америкага кетип жатып, “мен жок деле өткөрө бериңиз”, -деп айттым. Бирок, акчаны алып ал концертти да өткөрбөй, башка шылтоолорду айтып кеттиңиз. Андан башка канча кылган жакшылыктарымды, урмат-сыйымды сизчилеп санап бербей эле коёюн.

Эми, сиз менен жаман-жакшы айтышып, коомчулуктун талкуусуна түшүп, элдин көңүлүн бура бербей кыскача жооп бердим. Сизди азыр дагы жаман деп айтпайм. Ар убак эмгегиңизди баалайм. Бирок, мен турмушка чыгып кеткенден кийин мага душман болуп алганыңыздын сырынын төркүнүн эми түшүндүм. Сиз, менин жаштыгымды жеке кызыкчылыгыңызга колдонгуңуз келгенин түшүнүп турмушка чыгып, түтүн булатып, үй-бүлө куруп кеттим. Ошондо дагы тынч койбой торуңузга салып, арам ойлоруңузду ишке ашыргыңыз келген. Ага карабай сиз менен кызматташып, Ошко чейин концертиңизге барып келдим. “Мен сени баары бир ажыраттырып тынам, аргаң жок бутума чөгөлөп келесиң. Турмушка эрте чыгып, катачылык кылдым деп келгенге аргасыз кылам”,-деп айтканыңызды эч качан унутпайм. Ошол максатыңызга жетүү үчүн жолдошума эмне деген гана ушактарды жеткирдиңиз. Бирок, мен жолдошума абийирим менен тийип, ортобуздагы ишеним бекем болгондуктан ал сиздин сөздөрүнүзгө ишенген жок.

Ансайын сиздин ачууңуз келип, андан бетер күчөдүңүз. Ошондой маалда жолдошум экөөбүздүн ортобуздагы ак ишеним максатыңыздын ишке ашуусуна жол берген жок. Эми, баарынан кызыгы сиз мени көз каранды кылып, каалагандай пайдаланган товар катары көргүнүз келгени ушул жерден билинип жатпайбы? Мен ушундай оюңузду билип, жаштыгымды талкалап албайын деп турмушка чыгып кеттим. А болбосо сиз ар кандай шылтоо менен ээрчитип алып чоң-чоң кызматтагы адамдар менен тааныштырып баштагансыз. Эми, жанагы Кытайдагы жоругуңду айтам деп жатасыз. Аны айттырбай эле мен өзүм айтып берейин.

» Эми эки жашка тоскоол болбойлу деп калтырып кеттик”-деп ырсалаңдашты….»

ТИМ аркылуу кытайлык кыргыздарга концерт берүү уюштурулуп, Айчүрөк эже барып келели деп калды. Чынында баргым келген жок, ансыз дагы мамилебиз начарлап кеткен маал эле. Дагы таарынтып албайын деп макул болуп Турусбек Жумалиев, Айчүрөк Иманалиева болуп алгач Кытайда кыргыздар жашаган Карасуу деген шаарчага, андан соң Үрүмчүгө бардык. Ал жерде ТИМ кызматкери Айбек деген жигит тосуп алып, иш-чараларды ал уюштуруп берди. Биринчи күнү Айчүрөк эже экөөбүз бир бөлмөгө жаттык. Эртеси, “мен жүдөп кеттим, башка бөлмөгө чыгам”,-деп которулуп кетти. Анан, ар кимибиз өзүнчө уктадык. Эртеси, ТИМдин кызматкери Айбек деген жигитти чакырып, шаар көрсөтүп кел деп өтүнүштү. Ал келгенде эле, жөнү жок тамашаларды айтып Турусбек байке экөө: “эми эки көгүчкөн ушундай шартты пайдаланып калгыла. Мындай мүмкүнчүлүк башка болбойт”,-деп күлүштү. Аны мен тамаша катары эле кабыл алдым, Айбек байке дагы жактырбай ооз учунан жылмайган болуп койду. Ошентип атып эле экөө ары басып, биз аларды жоготуп койдук. Экөө же тил билбесе, адашып кетти окшойт деп аябай издедик. Тажаганда мейманканага келип, ал жердеги кызматкерлер аркылуу бөлмөсүн ачтырсак, экөө ичинде отуруптур. Ошондо дагы ыңгайсыз абалга калтырган адекватсыз тамашаларын айтышып, “эми эки жашка тоскоол болбойлу деп калтырып кеттик”,-деп ырсалаңдашты.

Чыгармачыл адамдар ортосунда мындай тамашалар көп айтылат, бирок Айбек байке алардын орунсуз тамашаларын угуп өзүн аябай кызыктай абалда сезип калды. Кытайдагы орунсуз жоругуңар менен мени жаман жолго түрткүңөр келген. Кийин, Бишкекке келгенде дагы айтыша кеттик. Ошондо ушул окуяны башкача баяндап, күйөөмө айттыңыз. Мен, Айбек деген байкени таап, күйөөм менен жолугуштурдум. Орозо маалы эле, ооз ачарга жолуктук. Ал мындай деп айтты эле: “Тиги эженин сөздөрүнө аябай таң калдым. Ага болгон сый-урматым да кетти. Менин дагы сендей болгон үй — бүлөм бар. Мен сага кеңеш берейин, Анжеликаны Айчүрөк эжеге кошпой эле койгун. Колдон келсе алыс жакка чогуу жибербе. Арам оюн ишке ашыруу үчүн ал баардык нерсеге даяр экенине ынандым. Анжеликаны көз каранды кылып алыш үчүн көп нерсеге барат”,-деп айтты. Бүгүн ал байке бул ушактарды окуп калса, өз оюн дагы айтат чыгаар.

Эгерде дагы жалган жалааларды токуса, анда мыйзам чегинде укуктук баа берилип, жообун алат. Эми, айта берсе сөз көп. Мага карата ушактарды, ачуу сөздөрдү көп эле айттыңыз. Ал гыйбаттарыңызды жараткан Аллахым кечирсин. Рамазан айында Сизге амандык тилейм. Мен дагы көп сөздөрдү айтсам болот эле, айтчу сөздөр дагы толтура. Бирок, коомчулукка шылдың болуп, улуубуз улуудай кебин айтпай жатканы өкүнүчтүү. Сиз, устатым катары мага батаңызды берип, жаныңызга кызыңыздай алып жүрсөнүз мен колума көтөрүп сыйлап албайт белем. Чын эле энемдей болсоңуз, эмнеге мен турмушка чыгып жатканыма кара санадыңыз? Чын эле энемдей болсоңуз бата берип, төрүмдө отурбайт белеңиз Айчүрөк эже. Бүгүнү күнгө чейин жакшылыгыма чакырып келем, басып келбедиңиз го?!.. Эл тараза, бизге кесиптеш, чыгармачыл, экөөбүздү жакындан тааныган адамдар баасын берсин.

Эми, сөзүмө чекит коюп жатып, сизге дагы бир ирээт жакшылык гана каалаганымды айтам. Аман жүрүңүз, менден жакшы, менден таланттуу шакирт өстүрүп, чыныгы устат экениңизди далилдеп алышыңызга тилектешмин!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here