Чагылган:  Өзүн Солих деп тааныштырган немис жигити ислам динин кабыл алганына азандын үнү себеп болгону маалым болду.  Анын өз аты Александр Дымов.

«Биз мурда Караганда шаарында жашачу эле. Бир күнү таң эрте уктап жатып керемет дабыштан чочуп ойгонуп кеттим. Апаман сурасам, эч ким билбейт. Ошол күнү эч укай албадым. Жан-дүйнөмө не керек болуп турганын да өзүм билбедим. Бир жума чиркөөгө барып сыйындым, андан да жыйынтык чыккан жок.

Эки жылдан кийин айылга көчтүк. Үйүбүздүн жанынан мечит ачылыптыр. Борбордон келген имам таң эрте азан чакырганда, дагы керемет үндөн ойгонуп кеттим. Өзүмдүн издегенимди тапкандай болдум. Күндө ал добушту күтчү болдум.  Акыры Алланын мага берген аяны экенин түшүнүп, апама келип, ислам динин кабылдайм деп айттым. Башында үй-бүлөм мага каршы чыкты. Алар мени бирөө азгырып жатат деп ойлошту. Акырында менин исламга деген таза ниетимди түшүнүп, жакшы кабылдашты», — деп айтты Солих.

«Мечитке барып, оюмду имамга айтсам, анын сүйүнгөнүн көрсөңүз… Ал мага 1 жума ичинде намаз окууну, дубаларды үйрөттү. Алланын кудурети менен бардыгын оңой жаттап, үйрөнүп кеттим», — деп кошумчалады ал.

Алматыда азанның үніне ғашық болған неміс азаматы ислам дінін қабылдады (фото)

Алматыда азанның үніне ғашық болған неміс азаматы ислам дінін қабылдады (фото)

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here