Өзүн  “Ислам мамлекети атап алган согушкер топтун ишмердигине Кыргызстанда тыюу салынгандыгын баса белгилеп кетмекчибиз. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет буга чейин кабарлаган эле. Мындай чечим экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында кабыл алынган. Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдардын саны он эки: “Хизб-ут-тахрир”, “Түркстанды бошотуу”, “чыгыш Түркстан ислам партиясы”, “Түркстан ислам кыймылы”, “Өзбекстан ислам кыймылы”, “Аль- Каида”, “Талибан”, “ Күрдстан Элдик  Конгресси” жана  “Жихад топтору” уюмдары.  Андан сырткары Вахабий, Акрамий сыяктуу агымдарга да тыюу салынган.

СИРИЯГА ЖӨНӨП ЖАТКАН РАЙОНДОРДО ИСЛАМИСТТЕРДИН ПОЗИЦИЯСЫ КҮЧТҮҮ

Коммунизм идеологдору динди апийим менен салыштырган. Чындыгында динди ашыкча пайдаланган киши, апийим сыяктуу диндин айлана-тегерегинен чыкпай калат. Ашыкча динди пайдаланган фанат динчилдер башкаларга да кол созо башташат. Биздин Кыргызстанда майда секталар менен катар мусулмандык фундаментализм жана вахабизм күч алып баратканын белгиледик. Бул бир гана Кыргызстанда эмес дүйнөлүк тенденция, Ааламда глобалдаштыруу менен мусулмандаштыруу агымы жүрүп жатат. Азыркы жаштар бүгүнкү динчилдерге макул эмес, аларга ислам дининин согушчул мусулмандык фундаментализми керек. Вахабизм да диний исламга салыштырмалуу өтө опурталдуу жол. Азыр араб мамлекеттеринде ИГИЛ сыяктуу мусулмандык фундаментализм  жана вахабизмге сугарылган күчтөр пайда болду. Кыргызстандын жарандарынын Сирияга жихад үчүн кетип жатышы да оор маселелердин бири. Кыргыз муфтияты кайсы аймактардын тургундары кетип жаткандыгын иликтеп, билиши керек , Сирияга жөнөп жаткан райондордо исламисттердин позициясы күчтүү. Азыркы учурда Кыргызстандан 2 миңден ашуун мечит иштейт. 1991-жылы алар 40тан аз болчу. Республикада 50дөн ашуун медресе, 1 ислам университети, 8 ислам институту иштейт. Алардын көп бөлүгү чет жактык демөөрчүлөрдүн эсебинен курулган. Кыргызстандык 1 миңге жакын студенттер Египеттин, Түркиянын,  Пакистандын, Сириянын, Иорданиянын, Ливандын, Марокконун, Алжирдин жана  Кувейттин ислам окуу жайларында билим алышат. Ошто диний окуу мекемелеринин ассоциациясы иштейт. Ош мамлекеттик университетине 2 теологиялык факультет жана алардын бири  Бишкек шаарынын чет жагында. Деги эле башкы опурталдуу нерсе Борбордук  Азияны ислам фундаментализми жана вахабизми өз катарында көрүп, ал эмес, мусулман мамлекеттеринде жаралган ийгиликтерин жайылткысы келишет. Учурда Борбордук Азияга бир тараптан АКШ башында турган Батыш өлкөлөрү, бир жагынан  Кытай, ал эми дагы бир жагынан мусулмандык фундаментализм жана вахабизм жанталашып турат. Арийне, Кыргызстан деги эле Борбордук Азия кылымдан узак бул аймакта өз үстөмдүгүн орноткон  Россия менен чынжырды биротоло үзүп кете элек.  Россия да бул аймактан чыга албасы чындык. Дал ушул  Россиянын өзүндө мусулмандык фундаментализм жана вахабизм күч алып, ислам маданияты гүлдөп турган учур. Ошондуктан бул аймактан сүрүлүп бараткан  Россия кайрадан Казакстандын  “жакасынан бекем карманып” тырмышып турат. Эми Кыргызстан да өз “жакасын өзү карматканы” турат.  Кыргызстан океандан алыс, Казакстан сыяктуу океандан жер сатып алган жокпуз. Тескерисинче, өз жерлерибизди кичирейтип кошуналарыбызга кең пейилдик менен берип келатабыз. Океандан алыс турган Кыргызстан үчүн учурда Россия менен бир турушубуз прогрессивдүү көрүнүш. Башкаларга салыштырмалуу  Россия деле ислам маданиятын туу туткан өлкө эмеспи.

“ИРАКТЫН ЖАНА ЛЕВАНТТЫН ИСЛАМ МАМЛЕКЕТИ” ТЕРРОРДУК УЮМУ  

Ислам мамлекети” уюмун террористтик жана экстремисттик деп тапкан жана анын өлкө ичинде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. 2015-жылдын 13-февралында Бишкектеги   Октябрь райондук сотунун чечими менен “Ислам мамлекети” тобу террордук жана экстремисттик топтор деп табылып, Кыргызстанда алардын иш-аракеттерине тыюу салынган. Соттун чечими расмий түрдө 16-марттан тартып күчүнө кирген. “Октябрь райондун сотунун бул чечими мыйзам катары 2015-жылдын 16-мартынан тартып күчүнө кирди”,- деп  айткан Улуттук коопсуздук комитети тараткан билдирүүсүндө. Кыргызстанда тыюу салынган онго чукул диний уюм бар.  Алардын ичинен абдан тамыр жайган жана кырдаалды курчуткан уюм катары  “Хизб-ут-Тахрир” аталып жүрөт. Бирок соңку мезгилдерде Иракта жана Сирияда аракеттенген “Ислам мамлекети” тобуна Борбор   Азия, анын ичинде Кыргызстандын атуулдары кошулуп кетип жатканы тууралуу кабарлар бул уюмдун коркунучун арттырган. Кыргызстандан болжолу менен эки жүздөн ашуун киши Сириядагы согушка тартылганын божомолдошууда. Жакынкы Чыгышта азыр абал коркунучтуу. Дегенибиз, буга чейин бүткүл дүйнө талибандардан, “Аль-Каида” радикалдуу тобунан кооптонуп, алар менен күрөш жүргүзүп келген болсо, бүгүнкү күндө бир катар аймакты күчкө салуу менен өздөрүн  “Ирактын жана Леванттын ислам  мамлекети” (ИГИЛ— Исламское  государство Ирака и Леванта) деп жарыялаган согушчандар өзгөчө күч алып, эл аралык коомчулукту бушайман кылууда. Бул “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” деген эмне, аны кимдер жарыялады, кайсы аймакта орун алган? Элибиздин бүйүрүн кызыткан мындай суроолорго жооп издедик , Ислам мамлекетин куруу үчүн жихад жарыялап, ар кайсы мамлекетте жардырууларды, террордук акттарды жасап жүргөн топтор көп болгон. Бирок алар өздөрүн мамлекет катары жарыялашкан эмес. Андыктан дүйнө эли үчүн  “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” террордук уюму ачык күндө түшкөн чагылгандай болду. Аталган террордук уюм 2006-жылы Иракта жергиликтүү  “ Аль-Каиданын” бөлүмү баштаган радикалдуу 11 уюмдун биригиши менен түзүлгөн. Уюмдун мүчөлөрү максатыбыз— Осмон халифатынын бөлүнүшү менен пайда болгон чек араларды жок кылып, бери дегенде Ирак , Сирия , Ливан ,  Египет , Иорданияны камтыган , керек болсо, бүткүл дүйнөгө ээлик кыла турган сунниттик ислам  мамлекетин түзүү” дешет. Тактай кетсек , Левант— бул Жер Ортолук деңизинин чыгыш бөлүгүндөгү өлкөлөрдүн жалпы , эски , тарыхый аталышы

Маалыматтарга караганда, адегенде “ Аль-Каида” эл аралык террорист  Абу Мусаба аз-Заркавинин (баса , бул террорчунун башы үчүн АКШ 25 миллион доллар төлөмөкчү болгон) колу менен  “Моджахеддерден түзүлгөн кеңешти”  кураган. Кийин ага ар түрдүү радикалдуу топтор кошулуп отуруп “Ирак ислам мамлекети” деген уюм келип чыккан. 2013-жылдан тарта “Ирак ислам мамлекети” уюму Сириядагы жарандык согушка “Аль-Каиданын атынан эмес, өзүнчө күч катары аралаша баштаган. Өз кезегинде бул көрүнүш “Ирак ислам мамлекети” менен  “Аль-Каиданын” ортосундагы келишпестиктерге алып келген.  Аль-Каида: “Биздин “Ирак ислам мамлекети” менен эч кандай тиешебиз жок” деген маалымат тараткан. Ал эми Сириядагы согушка катышып баштагандан тарта согушчандардын уюму “Ирак жана Леванттын ислам мамлекети” деп атала баштаган. “ИГИЛ” уюму Сирияда Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп, өз катарын эң мыкаачы согушкерлерге толтуруп алгандыгын далилдеген. 2014-жылдан тарта “ИГИЛ” Ирактын түндүк-батыш райондорун жана Сириянын түндүгүн карай толук кандуу жүрүш баштаган. Аз убакыттын ичинде алар бир канча шаарды ээлеп алууга жетишишти. Июнь айында согушкерлер шарият мыйзамдарына баш ийген мамлекет халифат түзүлгөнүн билдиришип, биринчи халиф кылып Абу Бакр аль-Багдади аттуу адамды дайындап алышты. Көп өтпөй бул адамдын өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат таркап , бирок террорчулар бул чындыкка жатпай тургандыгын айтып келишет.

“ИГИЛГЕ” ИЛИНСЕҢ ТИРҮҮЛӨЙ КӨМӨТ”

Учурда “ИГИЛ” уюмунун үгүттөө иштери аябагандай күч алууда. Бир нече даректүү фильмдер тартылган. Андан сырткары интернет айдыңындагы социалдык желелер жана атайын даярдалган адамдар аркылуу башка өлкөнүн жарандарын катарына чакырышат.  Алардын экстремисттик маанайдагы айрым фильмдеринин сапаты Батыштын алдыңкы сапаттагы тасмаларынан кем калбагандыгын CNN каналы айтып чыккан. Америкалык атайын кызматтардын маалыматына ылайык, ай сайын “ИГИЛДИН” катарына 80дей өлкөнүн 1000ден ашуун жарандары барып кошулууда. Буга катар эле уюм өз катарына Батыштан билимдүү адамдарды тартууга аракет кылып жаткандыгы маалымдалууда. “ИГИЛДИН” согушкерлеринин саны бүгүнкү күндө 50 миңге чукулдаганын Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси билдирген. Террорчулардын колунда бүгүнкү күндө согуштук оор техникадан өйдө бар. Айрым маалыматтарда, уюм МИГ-21 согуштук учактарын чабуул учурунда колдонгону да айтылат. “ИГИЛ” согушкерлери интернет айдыңында баллистикалык ракеталарга ээ болушкандыгын да билдиришкен болчу. “ИГИЛ” өзгөчө мыкаачылыгы менен айырмаланат. Азыркы тапта алар ээлеген аймакта адамдарды кулчулукка сатуу фактылары байма-бай катталууда. Буга чейинки видеотасмалардын биринде согушкерлер базарга келип, күң сатып алууну ниеттенип  жатышкандыгы баяндалат. Негизинен , уюм 2009-жылдан тарта активдүү түрдө террордук аракеттерди колдонуп келет.  Алардын колунан миңдеген бейкүнөө адамдар каза тапкан. Алсак , быйыл алар Ирактагы езид азчылыгына кирген 500 эркекти аткылап , жарым-жартылай тирүүлөй көмүп салышкан. Ал эми 300 аялды кулчулукка алып кетишкен. Ошондой эле Ирактын Тикрит шаарын басып алууда 1500гө жакын аскер курсанттарын кыйнап өлтүрүшкөн. Буга катар эле миңдеген жаш наристелердин каза табышына себепкер болушкан. Алардын мындай жоруктары ондоп саналат. Согушкерлер америкалык журналисттер Жеймс Фоули , Стивен Сотлоффорду мууздап өлтүргөн видеотасмаларды таркатышкан.

“ИГИЛДИН” КАПЧЫГЫН КИМ ТОЛТУРАТ?    

Бир учурда ар кандай террордук уюмдарга Батыш жактан колдоолор болуп келген. Бирок , 2001-жылдын сентябрындагы жардыруулар терроризмге каршы уюмдарды пайда кылган. Биз сөз кылып жаткан террордук уюм өзүнүн мүчөлөрүнүн криминалдуу иш-чараларынын, тоноочулук , барымтага алынган адамдарды акчага алмаштыруунун негизинде каржы маселелерин чечип келет.  Бир катар Ирактагы банктарды  тоноого алган соң уюмдун бюджети 7 миллиард долларга чейин жеткендиги айтылып келет. Буга кошул-ташыл “ИГИЛ” Ирак менен Сириянын нефтисин “мыйзамсыз базарда” арзандатуу менен сатып , күнүнө 3 миллион доллар киреше табарын Иран парламентинин өкүлү Мохаммед Солах Жокар билдирген. CNN телеканалы америкалык сенатор Жон Маккейндин “ИГИЛ” лидерлеринин башчылары менен жолугушуусунун сүрөттөрүн жарыялаган. Мындай көрүнүш “АКШ “ИГИЛ” деген долбоордун артында турат жана аны каржылайт” деген божомолдорду бекемдеп келет.  Адегенде “Аль-Каида” террордук уюмунун бир бутагы гана катары куралган “ИГИЛ” акырындап башкаруудан чыгып , көптөгөн адамдардын , жаш балдардын каза болушуна алып келди , миңдеген адамдар качкын болуп талаалап кетти. Бардык ислам мамлекеттеринде бул уюмду сынга алып келишет. Сауд  Арабиясынын муфтийи: “Мыкаачылык , экстремизм , терроризм идеологиясынын исламга эч кандай тиешеси жок. Булар исламдын биринчи душмандары жана алардын биринчи курмандыктары мусулмандар болуп жатышат”,- деп  билдирген.

“ИГИЛДИ ИЙНИНЕ КИМ КИРГИЗЕТ?

Жихадчыларга каршы  АКШ , Австралия , Улуу Британия , Германия , Дания , Италия , Канада ,  Польша ,  Түркия , Франция катышкан атайын коалиция түзүлгөндүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри БУУнун саммитинде билдирген. Анткени , Ирактын өкмөтү дүйнөлүк коомчулукка кайрылып , “Ислам мамлекети” уюмуна каршы турууга чакырган.  Россия өз кезегинде Ирактын өкмөтүн артиллериялык-ракеталык системдер менен камсыздаган.  Ал эми АКШ радикалдуу исламчыларга карай ондогон аба соккуларын ишке ашырды. Бирок Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф  Нью-Йоркто берген  маалымат жыйынында “бул коалиция өкүнүч коалициясы. Коалицияны түзгөн мамлекеттер өздөрү “ИГИЛ” уюмунун күчтөнүшүнө кайсы бир деңгээлде жардам беришкен , аларга курал таркатышкан. Эми өздөрү жасап чыккан желмогуз менен күрөшкөнү жатышат” деп билдирген. Айта кетчү жагдай , Россия бул коалициянын катарына кирген эмес. Акыркы маалыматтарга караганда , Сириядагы согушка “жихадга” деген максат менен Кыргызстандан 175 жаран кеткени аныкталган. Алардын жыйырма үчү аялдар.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык , Ош , Жалал-Абад жана Баткен облустары диний экстремисттик уюмдардын таасирине берилген аймак катары саналат. Сирияга кеткендердин 90 пайызы ушул үч облустун тургундары. Кезинде Тажикстан жана Кыргызстандын Баткен аймагына кирип келген Өзбек ислам кыймылынын согушкерлери да “ИГИЛ” уюмуна ыктаганы белгилүү болгон. Буга чейин интернет айдыңында бир видеотасма тараган , анда Сирияда жүргөн өзбек тилдүү беткапчан адамдардын “жакында биз Кыргызстан , Өзбекстан , Тажикстанга барабыз, талкалайбыз” деп айткандары жазылган. Мындай коркунучтардын алдын алуу үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Ислам мамлекети” деп аталган согушкер топтун ишмердигине Кыргызстанда тыюу салганы колдоого алаарлык.

    Автор:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here