Саргарган кагаздар. Канчалаган толкундануу, сүйүү, кусалык катылган каттарды колго алып, ал баскан жолду элестетүү кыйын эмес эле.

Биз Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылына барып, андагы экспонаттарга кызыктык. Бирок, алардын арасында саргара эскилиги жетип, тамгалары араң көрүнгөн катты байкабай кетүү мүмкүн эмес эле. Көрсө, бул кат бир кездеги айылдын 18 жаштагы жаш келини Түкөн Кусеевага күйөөсүнөн келген экен. Ошол кандуу согуш жылдары башкалар сыяктуу эле Кайырма-Арык айылынын мектебинде директор болуп турган Дунган Кусеевге да чакыруу кагазы келип, жоокерге аттанган дейт. Бул 1942-жылы экен. Үйлөнгөнүнө эки жума болгон Дунган жаш колуктусу, карыган энеси менен коштошуп, фронтко узап кеткен экен. Ал кеткенден кийин үйүнө 3-4 жолу кат келип, алар артынан кара кагаз ээрчите келген.

Түкөй апа болсо, бул жаман кабарга ишенген эмес дешет. Ал карыган кайын экесин багып, колхоздун тылдагы жумушун жасап, башкалар сыяктуу фронтко азык-түлүк, кийим-кече камдоого активдүү катышкан.

Жеңиш болуп, элдин көзүнө кубанычтын жашы толгон күнү, андан кийин дагы күйөөсүн күткөн жаш келиндин тилегин таш каап, Дунган согуштан кайткан эмес. Түкөй апа кайын эне менен жашап, колхозду калыбына келтирүү ишине да активдүү катышкан экен. Жаз келгенде койду төлдөтүү ишине барып, жайкысы апийим талаада күн кечирип, күзү буудай ташып, машак терип, эгин оруп, айтор, үйдүн да, талаанын да түйшүгүн тарткан. Өзүнүн активдүүлүгү жана курчтугу менен жаш кезинен эле айылдык кеңештин депутаты болуп, коммунисттик партиянын саясатын жүргүзүүгө активдүү катышкан.

Биздин каарман кийин кайын инисинин бир уулун асырап, 50-жылдардан кийин эки кыздуу болгон. Бирок, өмүр бою күйөөгө тийген эмес. Түкөн апа 2015-жылы каза болгон. Келин-кыздары ал каза болгондон кийин анын сандыгын ачып, түбүнөн саргарган кагаздарды тапкан. Согуш жылдарын эске салган бул кагазда Түкөн апанын күйөөсүнүн салам –дубасы жазылган эле. Эми ал кат айылдык музейден орун алып, бир кездеги директордун, өмүр бою аны жоктоп өтктөн аялынын тагдыгын эске салып турат.

Окумуштуулардын иликтөөсүнө таянсак, адамзат тарыхында 1400гө жакын согуш болуп, анда 3,5 миллиард киши набыт болгон экен. Мезгил өткөн сайын коом өнүгүп, согуш куралдарынын түрлөрү жылдан жылга көбөйө, коркунучтуу боло баштаган. Майда уруулук, улут аралык согуштар, саясый топтордун салгылашуулары, саясый түзүлүштөрдүн өз ара чыр-чатагы ж.б. айтпаганда да, дүйнөлүк биринчи жана экинчи согуш алып келген зыянды салыштырып көрөлүчү. Биринчи дүйнөлүк согушка 36 мамлекет катышкан, 70 млн. адам аскерге чакырылып,10 млн. адам курман  болгон. Ал эми экинчи дүйнөлүк согушка 61 мамлекет катышып, 110 млн. адам аскерге чакырылса, курман  болгондордун саны 32 миллионго жеткен. Мына ушу цифраларды укканда эле адамдын үрөйү учуп, согуш эч качан болбосо экен деген тилек айтылат. Набыт болгондордун үй-бүлөсү шорго малынып, канчалаган үмүт- тилектер ишке ашпай калды дейсиз. Биз бүгүн сөз кылган кат океандын бир тамчысы гана.

Жумагүл  БАРКТАБАСОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here