Тикендүү чычырканактын пайдалуу жактары…

Чычырканак өзүнүн ажайып касиети менен тээ илгертен бери белгилүү. Анын пайдалуу касиетин алгач байыркы гректер ачкан. Аттарынын бул бадал өсүмдүгүнүн арасына кирип, жалбырактарын жана мөмөлөрүн жеп жаткандарын байкашкан. Чычырканакты жеген аттын жалы жана терилери жалтырап калчу экен. Ошондон улам гректер алсыз же ооруган аттарын дарылоо үчүн ушул мөмөнү колдоно башташкан. Чындыгында аттарга жакшы таасир бергендиктен, кийин дарылык касиетке ээ экендигин билишип адамдарга да дары иретинде пайдаланышкан. Алгач чычырканак менен аскер кызматкерлерин жана спорт менен машыгуучуларды дарылай баштаган. Ошол учурдан бери бул өсүмдүктүн улам кенен сырлары ачылып, учурда элдик жана заманбап медицинада кеңири колдонулуп келет.

Чычырканактын ден соолукка пайдасы…

Чычырканак жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Аны дайыма жеп туруу менен инфаркт жана инсульт ооруларынын алдын алууга болот. Анткени, чычырканактагы С витамини жүрөк булчуңдарын бекемдөөдө эң жакшы кызмат кылат экен. Эгерде күнүнө 50-100 граммдан чычырканак жесеңиз, организмиңиздин С витаминине болгон бир суткалык муктаждыгын канааттандырган болосуз.

Муун ооруларында жана ревматизмде чычырканактын жалбырагынын маңызын же чайын пайдалануу туура болот. Анын маңызынын жасалуу жолу төмөндөгүчө: 1 чоң кашык майдаланган кургак жалбыракты 1 стакан сууга 10 мүнөт кайнатып, аны жарым стакандан күнүнө 2 жолудан ичет.

Ошондой эле чычырканак иммунитетти көтөрүүгө абдан чоң жардам боло алат. Курамында темир көп болгондуктан, аз кандуулукта жана алсыроодо колдонсо оң натыйжа берет.

Чычырканактын жалбырагынан демделген чай оозулду дарылоодо жакшы каражат болуп эсептелинет. Ашказан рагын дарылоодо күнүнө 3 жолу 1 чоң кашыктан чычырканактын мөмөсүн жеп турса, жакшы жыйынтык берет.

Чычырканак майын колдонуу…

Медицинада ашказан жарасын, гастритти айыктырууда чычырканак майы кеңири колдонулат. Бул оорулардан жабыр тарткан адамдар тамактанууга 15-20 мүнөт калганда 1 чай кашыктан ичип туруулары зарыл. Бир айдын ичинде күнүнө 3-4 жолудан калтырбай ичкенде жакшы жагына өзгөрүү болгону дароо байкалат.

Баланын иммунитетин көтөрүү үчүн бир айлыгынан баштап берүүгө болот. Алгач оозуна бир тамчыдан тамчылатып баштап, бара-бара көбөйтүп отуруу керек.

Косметологиядагы пайдалуу жактары…

Чычырканактын майы косметологияда да кеңири колдонулат. Мисалы, аны кургак териге колдонушат. Бет майына бир нече тамчы чычырканак майын аралаштырып, бул аралашманы бетке сыйпоо теринин ашыкча кургап кетүүсүнүн алдын алат. Ошондой эле сына берген тырмакты катырууда да бул май жардамга келет. Ал үчүн майды тырмакка сүртүп, ошол эле учурда ичип туруу зарыл.

Косметологдор чачты жуурдан эки саат мурун баштын терисине чычырканактын майын сүртүүнү сунушташат. Муну менен чач бекем болуп, мындан сырткары жалтырап туруусуна да пайдалуу келет. Ал эми чач түшүүнүн алдын алуу үчүн мөмөсүн жеп туруу же бутагынын маңызы менен чачты жууса да болот. Ошол эле учурда жуугандан кийин майын сүртүү да сунуш кылынат. Мындан тышкары, курамындагы Е витамининин эсебинен, аялдардын сулуулугуна, жаш көрүнүүсүнө чоң таасирин тийгизет жана сепкилди, тактарды кетирип, бетти агартууга жардам берип, күнгө күйгөн терини кайра бат калыбына келтирет.

Чычырканак майын үй шартында жасоо жолдору…

1-ыкма: Чычырканактын ширесин сыгып, ачык жерге коюп коёсуз. Бир суткадан кийин ширенин эң үстүңкү катмарында май пайда болот. Аны чогултуп аласыз. 1 кг чычырканактан болжол менен 80 г май алса болот.

2-ыкма: Чычырканактын ширесин сыгып аласыз. Кабыгы менен сөөгүнүн калдыгын майдалап, үстүнө 60°Сге чейин ысытылган өсүмдүк майын куясыз. Бир сутка тыныктырып, андан соң суюк бөлүгүн — майын тундуруп аласыз.

Ар бир нерсенин оң жана терс жактары да болот эмеспи. Анын сыңары бул өсүмдүктүн да колдонууга болбогон кээ бир учурларын да айта кетпесе болбос. Эгерде ашказан алдындагы без, боор же өтү ооругандар жана алергияга жакын адамдар бул өсүмдүктү пайдаланууга болбойт.

Автор:  Нурайым Рысмамбетова

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here