Аталган макала 2012-жылы «7 плюс» гезитине чыкты эле, дагы да болсо мындагы көйгөйлөр — кылы кыйшайбай ушул абалда турат. Казинолорду мыйзам жапканы менен, факт жүзүндө көмүскө иш алып барып, кайсы бир чиновниктердин сол чөнтөгүн солоп келет. Анда кеп башынан болсун.

Учурунда «азезилдин азгырыгынын» бири болгон казино маселеси парламент аркылуу каралып, кумарпоз жетекчилер аны жоюуга каршылык жасашкан. Калктын калың катмарынын катуу чыккан үнүнөн кийин парламенттин бир бөлүгү «казино казынанын кенчи»- деп кыйкырса, прогрессивдүү бөлүгү «кыргыз элинин рухий дүйнөсүн талкалоочу коркунучтуу айыкпас илдет»- деп чыгышкан. Тирешүүнүн аягында алдыңкы көз караш жеңип кимдер макул, ким каршы?- тизмени ММКларда ачык жарыялоо талабы коюлганда гана казинону жабууга көпчүлүгү добуш беришкен. Карапайым калк бул аракеттерди кызуу колдошсо, «казинонун акырынан жем жегендер» 400гө жакын адамдар жумушсуз калганын шылтоо кылып пикет уюштуруп жиберишкен. Ал эми «жумушсуз» калгандыктан Орусия менен Кыргызстанга аргасыз өз ыктыяры менен кулчулукка кетип жатканда жандары ачыбаган арам байлыктын ээлери эл менен бирге анда неге пикетке чыгышкан эмес? Себеби алардын казиносу жаңыдан бутунан туруп келе жаткан нечен аңкоолордун кызылдай акчаларын «маданияттуу карактаганга» ыңгайлуу эле. Алардын кесепетинен канча адам үй-жайынан, байлыгынан жана үй-бүлөсүнөн ажырагандыгын эсептеп чыгуу мүмкүн болбой калган.

Бирөөлөр казиного карапайым калк кирбейт, «капчыктуулар эле каракталат да»- деп айтышы мүмкүн. Баса белгилейли, карапайым калктын маңдай теринен жаралган байлыктарды басып алган шылуундарды, бирөөнүн жалгыз уюн уурдап же карактап тоногон кримчөйрөнүн өкүлдөрүн же ашынган аферисттерди баш коштурган жай болуп саналат. Башка бирөөнүн тери менен канынан топтолгон бул акчалар алардыкы эмес, жалпы элдин каражаты болгондугун унутпашыбыз керек эле. Казинолордун жабылышы менен карактоолор, ири мал уурдоолор бир кыйла кескин кыскарышы биздин бул оюбузду тастыктайт. Мафия менен коррупция да казино менен киндиктеш экендиги да далилдөөнү талап кылбайт.

Биз ойлогондой кыргыз жергеси экинчи Швейцария же чыгыштагы өнүккөн 7 өлкөнүн бири да боло албады. Бирок, бул жактан ийгиликтерге жете албасак, бийликти күч менен басып алуудан дүйнөдө биринчи орунда болсок керек. Мафия, коррупция жана кылмыш дүйнөсү боюнча аты уламыш болгон Сицилияны деле басып өтсөк керек. Мындан тышкары, казино ачуу жагынан алакандай Кыргызстан алдыңкы орунга чыкканыбыз да чындык эмеспи. Аттиң, жер жайнаган нокетек мыйзамдар жазылып, токтомдор токулуп, ал жарым жан жаралгандыктан жыл айланбай чаң баскан архивдин курмандыгына айланып калат.

Жогорудагы казинону жабуу токтому бийлик тарабынан уюшулуп, казино ээлери аларды интернет жайлары деп атын бурмалап, өз иштерин жандандырып жаткан сыяктанат. Каржы полициясыбы, ИИМ, УКК же прокуратурасыбы, алар менен макулдашып алганбы, же аларын алып, буларга көз каранды болуп калганбы, казиного каршы туруктуу күрөш жүрбөй калды.

Сөзүбүз куру болбосун, айрым маалыматтарга кайрылсак…

Элибизде жылан: «Алтын башым аман болсо, алты жылда тирилем»- дейт имиш. Анын сыңарындай, баш калаабыз Бишкектеги Элебаев көчөсүндөгү 60-үйдөгү «Золотой дракон», Токтогул-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде «Европа» аттуу атактуу казинолор бар эле. Булар кой терисин жамынган карышкырга айланып, интернет кызматын элге көрсөтөбүз дешип жандарын сактап калышкан. Ошондой жол менен бийликтегилерди алдап, кайрадан компьютерлер аркылуу оюндарды ойнотуп жаткандыгы белгилүү. Буга жаш өспүрүмдөрдөн тарта, улуу муундарга чейин барып ойношот. Казиного каршы токтом бекитилгени менен жашыруун иштеп жатканын билишпейби? «Казинону жаптык, бардыгын кыйраттык»-деп камырабай жатышса керек да. Тилекке каршы, учур өткөн сайын бардыгы унутулуп, жашыруун түрдө казино оюндарын жандандырып жаткандыгы маалым болуп отурат. Укканыбызга караганда алардын бул аракеттери текшерүүгө тиешеси бар бир топ аттуу-баштуу жана тиешелүү мекеме, уюмдарга деле белгилүү экен. Көрсө да көрмөксөнгө салганына караганда казинонун кирешесинин белгилүү бөлүгү кимдир бирөөлөрдүн «жамбашын ысытып» жатса керек?!

Ошентип «Золотой дракон» атына жараша кайрадан тирилсе, «Европа» чыгышта белгилүү «Алдаркөсөнүн алдооч баштыгын» таап алса керек, ушундан улам текшерүүчү — тескөөчүлөрдүн көздөрүнө илинбеген касиетке ээ болушкан имиш. Ушунун анык-чынын аныктап берер уюмдар чыгабы же бул казинону жактырган «токтом» «оптом»кайрадан жокко чыгарылабы? А-уу парламент, аныгын айтып койгулачы?…

Бороон Таласбай

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here