Чагылган: Биздин сайт бир айдан бери Назира Бегимдин эки аял алу боюнча масеелсин байма-бай чагылдырып келгени ырас. Байкообузга караганда эркектердин 80-90 пайызы макул болсо, аялдардын 70-80  пайызы каршы пикирлерин билдирип жатышат. Бул маселенин аягы эмне менен бүтөрү көпчүлүккө кызык. Ал ортодо Назира Бегимге каршы пикирин билдирген аялдардын, тагыраагы энелердин да бир пикирин  «Чагылганга» чагылдырып коюну эп көрдүк. Эмесе, ар кимдин өз чындыгы бар дегендей Кундуз Алимбекованын да чындыгын окуп көрүңүздөр:

Назира Бегим татына жапжаш кыз экенсиң, кыргыздын келечегине күйүп көтөргөн маселең, колунда бар, өзүнө ишенген бирөөлөргө гана керек болбосо, башкага кыпындай кереги жок нерсе экенин баары билип эле турат. .Жөн эле элге ашыкча түйшүк бул. Сен көтөргөн маселе менен элдин баары бактылуу болуп кете алабы? Бирөөнүн көз жашы менен экинчи бир аялдын бактысы канчага созулат. Ооба буга чейин «жаман катын эр коруйт болуп» күйөөлөрүбүздү башка менен бөлүшкүбүз келбей, бир топ болдук. Ага да карабадың, жана, жана, жазгандан тажабадың. Жапжаш кыз экенсиң, эртең кимдир бирөө бактысыз болуп калса, каргышка калам деп да коркподуң… Мен сен үчүн корктум. Анткени мен энемин..К үйөөөм үчүн, өзүм үчүн коркподум, балдарым үчүн корктум. Балдарыма келчү  баардык азаптан корком. Сен көтөргөн маселени чоңдор, эркектер жана башкалар колдоп мыйзам кабыл алынган болсо, биздин өлкө бактысыздар өлкөсүнө айланары бышык. Биз эркектерди айтабыз бир аялын бага албай деп, эркектер бул жерде «чепуха», анткени алардан да күчтүү, шылтоо таппай турган, бирөөнүн убал сообунан корпой турган, аялдык укугун өлгүчө коргоп, баш бербесең кордоп кете турган, байлыктуу, кызматтуу, башы бош «Акбаралар, кобралар» тууралуу ойлободуңар. Корк ошол бойдок акчалуу, бай кыз келинден,

Мен мисалы андай келинге эч качан уулдарымы ыраа көрбөйм…Татынакай, жөнөкөй келишкен кыргыз жигити жупуну жашаса, мыйзамды бетине кармап ошолор жолдон буруп кетпейт деп ким кепилдик берет. Не болсо да алар эркек, азгырылышы мүмкүн жаштык менен. Жөн эле курмандык болуп калат деп неге ойлободуң. Мен мисалы мен эне катары. эки уулумдун келечеги үчүн, бул мыйзамга каршымын…Мендей энелер миңдеп чыгат…»Охотага» ошондо жаш жигиттерге бойдок байлыктуу аял кыздар чыкпайт деп ишенесиңби. Эркектерди айтканыбыз бул бир шылтоо, Атасы менен баласы бажа болгондор ошондо чыгат Назира. Бул сөздү жакшы түшүндүң деп ойлоймун. Эже сиңдини алган бажа эмес, башкача бажалар тууралуу сөз. Бул маселени элди ойлосоң токтот кызым, татына кыз экенсиң элдин батасы менен бактылуу бол. Назардан калба. Сен көтөргөн маселе жөн эле ойунчук эмес. укум тукумуңа чейин каргышка калба кызым…Ойлон. Бул менин энелик ойум. Мен жөпжөнөкөй эне катары ар бир кыргыздын жөнөкөй кыргыз жигитине, кызына жупуну жашоодо жашашса да опол тоодой бактылуулукту каалайм. .Балдарым сүйүктүү жары менен бактылуу жашашса менин бактым ошол.. Балдарымдын бактысын үчүнчү бир адамдын бөлө тартып кетүүсүнө каршымын, анткени балдарым эле эмес ортодо неберелерим да мындай ортосаар жашоого бакытка ыраазы болбойт. Мен эле эмес бүт энелер ошентип ойлойт деп ойлойм. Жупуну жашашса деле биринчиси менен ар бир инсан бактылуу болсун..

Мен сени түшүндүм, бирок. кыргызды көбөйтүүнү ойлогон адам башка жолун издейт,  бирөөдөн бак талашпай. Мисалы өлкөбүздү өнүктүрүп, завод фабрика менен куруп, элди жумуш менен камыз кылуу проблемасын көтөр, тентип жүргөн кыргызды чогултууну уюштур, Кыргызстандын ичинде кыргыз кыздарына эч ким тийбейт, бактылуулук өз колдорунда. Сенин идеяң акылсыздын алдына ат тарткандай эле болуп турат. Ушу сенин макалаңды окуган ата — энеңе, тууган уругуңа чооң рахмат, унчукпай отурушат кооптонбой..А мен сен үчүн кооптонуп атам кызым. Элдин назары жаман эле, не болсо да кудайдын көзү түз болсун…
.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here