Чагылган: Бир айдын ичинде биздин мамлекетке бир эмес,  (тактап айтканда Индияда өткөн Азия чемпиондугунда, ага удаа эле болуп өткөн Азейрбажандагы  Исламиада да) эки алтын медал алып келип, өлкөбүздү желегин өргө сүйрөп жаткан айтылуу балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекованын мындай чоң жетишкендиктерине жоругу жолдо калгыр жогорку бийлик дээрлик көңүл бурган (алдыда көңүл буруп каллар деген үмүтүбүз бар) деле жок. Чоң жеңиш менен келгенине эки жума болду.

Болгону Свердлов районунун «балакай» акими, жогорку жактагы чоң фигарулардын «куурчагы» Самарбек Болотбеков  Айсулуу менен анын машыктыруучусу Нурбек Изабековго  атайы кол саат бергени белгилүү болду. Акимдин мунусуна да рахмат дейли. Бирок балбан кызыбыз менен машыктыруучу агайбыз ошондой кол саатка муктаж беле деген суроо туулбай койбойт.

Болбосо Свердлов району Бишкектеги эң чоң, эң бай, кирешени эң көп тапкан район экени жалпыбызга белгилүү. Тынымсыз машыгуу бир топ чоң акча жумшаларын эске алганда, аким мырза акчалай деле жардам көрсөтүп койсо, андан эч нерсеси кемибек эмес.

Баса, аким эмне үчүн Айсулууну жалгыз куттуктады? Жеңишке жетишкен Каныбек Жолчубеков баштаган  спортчулардын деле көңүлүн алып, аз да болсо белегин берип койбойт беле, ушунча болгон соң.

Ал эми Преиздентибиз Алмазбек Атамбаев деле бир аз убакыт бөлүп, кабыл алып, кызуу куттуктап, колдон келген белегин берип койсо, анын мындай кадамы өзүнө аброй эле алып келмек, ансыз да барган сайын кадыры азайып жатканда….

Бирок Президентке чейин спикер Чыныбай Турсунбеков жердеш карындашына куттук айтып, спикердин фондунан материалдык жардам көрсөтүп койсо куп жарашмак.  Же эмне буга мыйзам жол бербейби? Берет! Бергенде да кандай берет? Спкер өз фондундагы аз эмес акчаны кандай иштерге жумшарын өзү чечет.  Буга чейинки спкерлер деле ушу сыяктуу жакшы саамалыктарга жумшап келгени ырас. Демек, Чыныбай Акунович деле ойлонуп көрсө болчудай.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков болсо акыркы күндөрү өкмөттүн, элдин ишенен мурун өз кайгысы менен алек болуп калгандай. Себеби, аны КСДП Преиздент болосуң деп талапкер кылып таптап, такыр эле өпкөсүн чаначтай кылып үйлөп салды окшобойбу. Андыктан Соке мырза, Айсулууну кайдан эстесин, же жанындагылар эстетип койбосо…Алар деле акыркы күндөрү шайлоого катуу камынып, Сокенин соцтармактарын ачуу, аны көбөйтүү, иштетүү менен кызуу алектенип жаткандай.

ЖКдепуттатары деле шайлоонун шайтан оюндары менен алектенип, Ак -үйгө аз каттап жатышканы байкала баштады. Анан кантип алар, маселе көтөрүп Айсулууну эстешин. Буга ушул жумадагы кворум жок болуп, мамлекеттин иши чарт үзүлгөнү, эртеси күнкү жыйында эптеп кворум болгону менен түшкө чейин күн тартибиндеги маселени тапырата карап, тарап кеткени далил дей туралы. Алдыда депутаттардын мындай фокустары али көп болот.

Бийлик өкүлдөрү жеке эле Айсулуу эмес, Айсулуу менен бирге жеңишке жетишкен спортчуларыбызга дем берип, коюшса элибиз ыраазы болмок. Тилекке каршы, андай болбой турат. Кыскасы, бийликтин спортчуларга кылган мамилеси ушундай. Акыркы жылдары мамлекеттин желегин саясатчылар эмес, дал ушул спортчулар менен маданият өкүлдөрү асмандата айгайлатып жатканы талашсыз. Саясатчылар эмне, бирин-бири кулакка тээп, жүршөт да, көбү элдин ырыскысына кол салып. Ошолордун колун кессе Кытайдагыдай кылып…

Төмөндө Айсулуунун Азия чемпиондугунда жана  Исламида да алтынга жеткизген жеңишин дагы бир ирет көрүп алалы…

Айсулууга элдин батасы тийип, 2020-жылы Японияда өтө турган Олимпиада оюндарында алтын алсын!

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here