Чагылган:  Аялы бар адамга токол болуп турмушка чыккан Елена (аты өзгөртүлдү -ред.) эртедир -кечтир, аны тандаган адам ал тууралуу аялына айтат деп ойлочу. Ошентип, мыйзам түрүндө болбосо да, ачык жашай баштарына ишенчү. Бирок, аял аны акыры жалгыздык күтүп турганын аңдаган эмес.

Елена өз окуясын  казак сайттарына атын жашырып айтып берген. Аны токол кылып алган эркек мамлекеттик кызматта иштейт.

«Окуя, бардык кадимкидей эле болгон. Мен бир киши менен таанышып калдым. Ал убакта мен да бир балам менен ажырашып жүргөм. Анын да үй бүлөсү, балары бар экен. Бирок, аныкы жалаң кыздар экен. Ал эркек бала каалачу экен», — деп айтты Елена.

Анын айтымында, киши дайым эле ага эркек төрөп бере алабы сурай берчү экен. Акыры аял да боюнда болуп калат. Бирок, Елена буга сүйүнгөн эмес жана алдырып салууну ойлогон.

Анын чечимин уккан киши, Казакстанда экинчи аял алуу нормалдуу эле болуп калгандыгын, ал эми мусулманчылык 4 аялга чейин уруксат берерин айтып, нике кыйдыруу оюн билдирген. Аялы болсо муну кечирип, түшүнөрүнө ишендирген.

«Убакыт өтө берди. Ал болсо никеге ар кай шылтоону айтып, эч шашылган жок. Кыз төрөлөрүн укканда, анын мамилеси кескин өзгөрдү. Мөөнөт анча чоң эмес эле, 16 жума болчу. Алдырып салайын десем, ал мени ата-энем менен тааныштырам деп кайра соорото баштаган», — деп эскерет аял. Ошентип, ал аял төрөп, жалгыз бой калган. Күйөөсү алгачкы убактарда жаңы төрөлгөн наристеге жардам беримиш болуп жүргөн менен, көп өтпөй ал жардамды кыскартып, такыр кабарлашпай когйон. Елена сотко кайрылып, алимент төлөөнү көздөгүнү менен анысынан майнап чыккан эмес.

Мурда, ал киши Еленага батир жалдап берип, чыгымдарын төлөп турган. УЗИден кыз экенин көргөндө, такыр келбей калган. Телефондон эле абалын сурап, айдоочусунан гана берчүсүн берип турган. ушундай окуялар биздин Кыргызстанда  жок деп айтууга болбос. Биздин айрым  атка минерлер далай жаш кыздарыбыздын убал-сообуна калып, жыргап жүрүшкөнү көпчүлүккө белгилүү. Бирок атка минерлерден минтип жабыр тарткан кыз-келиндерибиз казак кыз-келиндерине окшоп ЖМкга барып, өз окуяларын айтып берүүдөн жаа бою качышат. Себеби, белгилүү. Эң ириде өзүм уят болбоюн дейт. Кээ бирлери ачыктасам тиги атка минер мага зыян кылып коёт деп коркушат. Кээ бирин акча менен оозун басып койгон болот. Бирок, ошентип уялып, коркуп жүрө бербей, ачык айтып ал кайсы атка минер болсо ошону элге шардана кылып, уяткаруу керек.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here