Бир кезде душмандын жамгырдай жааган огун токтотуу үчүн денесин дзотко тосуп жанын кыйган Чолпонкул Түлөбердиев өңдүү кыргыз жигиттери баатыр болгон.

Расул Гамзатов айткандай жаңы замандын “баатырлары” да Чолпонбай Түлөбердиев менен Александр Матросовго окшоп төшүн эгемендиктин дзотуна тосуп чыгышты. Бирок алардын Түлөбердиев менен Матросовдон айырмасы — төштөрүн дзотто ок жок экенин билип туруп тосконунда болду.  Өткөн доордо кыргыз жигиттери эл душманы деп айыпталып, түрмөлөргө түшүп, атылып кетип жок болушса, бүгүнкү кыргыз жигиттери миллиондорду уурдап жеп айыпталып, өздөрү жасап алган “үй түрмөлөрүнө” түшүп, кайта миллиондорду парага берип, кутулуп кетип, кайра бийликке келүүдө.

Өткөн доордо кыргыз жигиттери элди-жерди сырттан келип басып алган душмандардан коргоп баатыр болушса, бүгүнкү кыргыз жигиттери душмандан да жаман душманга айланып, өз элин ичтен чаап, ичтен басып алып, ичтен талап-тоноп, ичип-жеп баатыр болууда.

Кыргыз деген европалыктарга окшоп “битин сыгып, канын жалаган”, энергиясын, күчүн үнөмдөп сарптаган сары эсепчил эл эместигин, кыргыз деген миң күнгө жетчү нерсесин бир күндө чачып жиберип басып кетчү эл экенин, кыргыз деген орустун токоюндай чытырман, жылчыксыз, орустун талаасындай учу-кыйырсыз кенен, көп эл эместигин, кыргыз деген өзүнүн жер-суусуна окшоп жайдак төш, ачык-айкын, ошол эле учурда өңгүл-дөңгүл, уңкул-чуңкул, кокту-колоттуу, буктурмалуу, ылдам өзгөрүлүп турма, бирде эңкейиштеп барып аркан бойлогус аң-чөнөккө, кузгун бойлогус кургуйга түшсө, бирде бийиктеп, тоодон тоого чыгып олтуруп башы Көк Теңирге тийген, ат минсе жаны тирилип, шамалга, жалынга айланып кеткен, булут мүнөз, жылкы кыял эл экенин Түкөбүз түшүнгөн.

Кыргызды кылымдар бою кыяматтан дал ушундай мүнөзү сактап келгенин да Түкөбүз эң сонун түшүнгөн.

Чоң элдер кыргызды өздөрүнө окшош дем албагандыгы үчүн, өздөрүнө окшош сүйлөй албагандыгы үчүн, өздөрүнө окшош жашай албагандыгы үчүн басынтып, кемсинтип келген. Кыргыздын кыргызча жашаганын, кыргыздын өзүнүн каада-салты менен жашаганын “эскичил”, “артта калгандык” деп жерип, жек көрүп турган кезде “Биз деген Кудайдан кийинки эле эң байыркы элдердин бири болобуз. Биз кыргыз болуп кылымдап жашап келгенбиз. Биз силер шымсыз жүргөн кезде Алтайда темир ээритип, чагылгандын ташынан кылыч соккон эл болгонбуз. Силерге шым кийгенди үйрөткөн бизди силер бала бакканга, мал бакканга, кантип жашаганга үйрөтпөгүлө, керек болсо кандай жашашты бизден үйрөнгүлө!” деп чыккан Биринчи Кыргыз Түгөлбай Сыдыкбеков болгон.

Ал кездеги Ак үйдү же Компартия башкарып турган ЦКнын терезесин карап туруп тилди көрсөтүп койгондун өзү эрдик болуп саналган кезде Кыргыз деген дудук эмес эл экенин, сүйлөй ала турган, ырдай ала турган тили бар эл экенин, дили бар экенин, ошондуктан орус тили экинчи эне тилим деп куйтуңдап куушурулгандык Москвага кулдук уруп, кол куушургандык болорун, кошоматтык болорун, бир тилдин бир гана энеси болорун, кыргыздын тили өгөй, бөлөк эненин тили эмес, Кыргыз тили Кыргыз Эненин тили экенин ийнинен башы кетерин билип туруп тайманбай айтып чыккан Биринчи Кыргыз Түгөлбай Сыдыкбеков болгон.

Мамлекет деген элдин ичиндеги кайнап турган күч. Мамлекет деген элдин таянар тоосу, тиреп турган тиреги болуш керек эле. Мамлекет деген баш көтөргөн балдарын, баш көтөргөн баатырын башка чапкан камчы эмес, кайраты, жөлөнөр жөлөгү болуш керек эле. Мамлекет деген өз элинин кожоюну, байы, бийи, манабы эмес, муңдашы, сырдашы болуш керек эле. Сыртында тоосу, ичинде ишенер тиреги, таянар таянычы жок элдин келечеги болбойт. Таянычы жок, тиреги жок элдин ындыны өчөт, дымагы түшөт. Таянычы жок эл ындыны өчүп, басынып, чачылып олтуруп кулга айланат. “Кулда кулак” жок деген — “кулда намыс, ар жок” деген сөз. Кул мүнөз элди кулча жашап өткөндөн башка эч нерсе кызыктырбай калат. Кул болгон элдин калкы өздөрүнүн байына, бийине, манабына кул болсо, кул болгон элдин байы, бийи, манабы башка элдердин байлары менен бийлерине, башка элдердин манабына барып кул болот.

 Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов сыяктуу далай азаматтардын жанын алган ал доордун жалаңкычтары каалаган учурда Түгөлбайды да кайсап жок кыларын билип туруп Компартиядан коркпой, “бөрк ал десе баш алып жиберчү кыргыздын кошоматчыл чоңдорунан коркпой, ЦКдан коркпой, кыргыз элинин Элдигин коргоп турган, Айкөл Манасын коргоп турган Чоң Кыргыз Түгөлбай Сыдыкбеков болгон.

Түкөбүз тирүү турганда Манасыбыз тирүү тургансып, Кошоюбуз тирүү тургансып, Бакайыбыз тирүү тургансып, өзүбүздү жарты сезбей бүтүн сезчүбүз, өзүбүздү бөксө сезбей толук сезчүбүз, коркок сезбей баатыр сезчүбүз.

Түкөбүздүн көзү өткөн соң Манассыз калгандай, Кошойсуз, Бакайсыз калгандай кемип келдик, азыр да толук эмес, жарты болуп турган кезибиз.

Кабыландын баары эле Манас эмес экенин,

Калдайгандын баары эле канат эмес экенин.

Калкын чанган, калкынын тилин чангандар,

Кан болсо да кыргыздын баласы эмес экенин, — Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу чыныгы Элдик кишилердин көзү өткөн соң билет экенсиң!

16x9 ImageШайлообек Дүйшеев, «Азаттык»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here