Шоу чөйрөгө баш баккан көптөгөн жаңы муундагы ырчылардын ичинен Салтанат Шекенова ачык-чачык кийинүүсү менен коомчулуктун көңүлүн бура алды окшойт. Алдыда заманга жараша заманбап жашаган, мырзалардын шилекейин чубурткан коногубуздун ачык-айрым маегине назарыңыздарды бурабыз.

—Шоу-чөйрөгө Салтанат Шекенова деген ысым жакынкы күндөрдө эле пайда болду окшойт?
—Ооба. Кичинемден эле ырчы болсом деген изги тилегим бар эле. Мектепти аяктагандан кийин борборго келип, жогорку окуу жайда окуп, аны менен катар шоу чөйрөгө аздап аралаша баштагам. Өз аракетим менен жакынкы күндөрдөн тарта ырларды жаздырып, клип тарттырып чоң сахнага кадам таштап жатам. Музыкалык билимим жок, бирок вокалдан сабак алуудамын. Өзүм Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылында төрөлүп өскөм. Жети бир туугандын бешинчисимин.

—Социалдык тармактардагы баракчаларыңызды жана тартылган роликтериңизди карап олтуруп, кийинүү табитиңизге болгон терс маанайдагы көптөгөн сын-пикирлерге күбө болдум. Кыска, ачык кийинүү стилиңизби же эл алдына таанылуунун оңой жолубу?

—Чоң сахнага, той-топурларга кыска кийимдерди кийип чыккан эмесмин. Бирок, жергиликтүү телеканалдардын бири түз эфирге чакырып, кыскараак келген көйнөк кийип барганымды мойнума алам. Аталган каналдан көрсөтүү коомчулука тарагандан кийин көптөгөн замандаштар тарабынан сиз айткан терс маанайдагы сын-пикирлер жазыла баштады. Стилистим жок, сахнадагы формаларды өзүм тиктирем. Ал эми жай турмушта кыска кийим менен жүрүүнү жакшы көрөм.

—Белгилүү ырчылардын биринин клибинде да ачык кийинип жүргөнүңүздү байкоого болот. Эне-атаңыз буга кандай карайт?

—Эне-ата болгондон кийин баласынын баскан турганына ойлонбой койбойт да. Клипти көргөндөн кийин апам узун кийимдериң менен эле тартылсаң болмок деген кебин айткан.

—Шоу-чөйрөгө аралашууда кыйынчылыктар болбой койбосо керек?

—Ар бир иштин башталышы кыйынчылыктар менен коштолот эмеспи. Анын сыңары маданият кызматкерлери баштарынан кечирген ар кандай кыйын кырдаалдарды жон терим менен сезип жаткан учурум. Элибизде саргара жортсоң, кызара бөртөсүң деген жакшы кеп бар. Алдыдагы убакытта эмгегимдин акыбети кайтаарынан үмүтүм чоң.

—Чыгармачылыңыздын келечегин көрө аласызбы?

—Алдыдага койгон көптөгөн кыялдарым бар. Алардын айрымдарын айта турган болсом музыкалык билимимди тереңдетип, кино тасмаларга образ жараткым келет. Бүгүнкү күндө талбай изденүү менен сапатка басым жасап атам. Чыгармачылык менен кошо моделдик кесипти да ала кетсемби деген ойдомун.

Өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын бирин ийгиликтүү аяктагам. Кесибим боюнча бухгалтермин. Анткен менен шоу чөйрө өзүнө тартып алды. Бир сөз менен айтканда ырдоо менен эс алам.

—Эл ичинде «Сулуу кыз менен күлүк ат элдин энчиси» деген жакшы кеп бар эмеспи, ырчылык менен алектене баштаганыңыздан тарта саясатчы, бизнесмендер арасында көз кыскан мырзалар болбой койбосо керек?

—Ашыктыгын билдирип, финансы жагынан колдоо көргөзүү ниети бар экенин билдирген саясатчы, жеке ишкер агалар жок эмес. Аттарын ачык атабай эле коеюн. Кандай болгон күндө да алардын сунушун четке кагам. Анткени ата-энемдин тарбиясы оңой жол менен оокат кылганга жол бербейт. Көбүнчө жардамды кудайдан тиленем.

—Кайсыл саясатчынын кылган ишин же өң-келбетин жактырасыз?

—Мен үчүн абдан оор суроо. Негизинен саясатка кызыкпайм. Кимиси кандай иштерди жасап жатканынан деле кабарым жок. Ал эми Өмүрбек Бабанов менен Сапар Исаковдун өң келбети жагат.

Үй-бүлө курайын деген оюңуз барбы?

—Ооба, бирок азыр эмес…

—Кара далы болуп кетпейсизби?

—Кудай сактасын. Баш-аягымды жыйып, чыгармачылыгымды бир нукка салып алып үй-жай күтсөмбү деп ойлоп турам.

—Дене-мүчөңүздүн кайсыл жерине пластикалык операция жасатмаксыз, мырзалар сулуулугуңузду кандай сыпатташат?

—Алты саным аман, ден-соолугум чың. Бул үчүн кудайга миң мертебе шүгүр кылам. Бай-манабым ашып баратса анда пластикалык операция жасатып көрмөкмүн. Бирок кайсыл мүчөмө экени сыр болсун. Жигиттер кыргыздын Женнифер Лопеси деп көп айтышат.

—Бүгүнкү күндө эки аял алуу маселеси боюнча коомчулукта кызуу талкуунун аягы басылбай келет, бул боюнча кандай пикирдесиз?

—Бул суроонун жообунан кийин дагы таландыда калбасам болду. Мынча болду көз карашымды айта кетейин. Эгер менин жолдошум менден кийин экинчи аял алам деп чыкса караманча каршы чыкмакмын. Ал эми бирөө мени экинчи аялдыкка колумду сураса, мен аны ушунчалык жакшы көрүп кала турган болсом мурунку келинчеги, бала-чакасы менен макулдашкандан кийин кана баш кошмокмун.

Булак: Де-Факто

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here