Чагылган: Instagramда  Караганданын жашоочусунан төбө чачты тик тургузган окуя пайда болгон.

Анда аялдын жазганына караганда, күйөөсүн бала чагынан берки досу менен кармап калган аял интернет колдоонучууларынан кеңеш сураган. Муну ал дос кыздарына да айталбаганын айткан. Бул ага аябай катуу тийген жана кеңеш керек болуп турган.

«Мен турмушка чыкканыма 10 жыл болду.  Менин күйөөмдүн балачагынан берки жакшы досу бар. Экөө кайда болсо да дайым чогу. Бир жолу жолдошум  эс алуу алып үйдө эле. Мен сумкамды унутуп, жумушка кетип калыпмын. Документим, акчам сумкамда калгандыктан унаам менен түшкү тамакта үйгө келдим. Келбей эле койсом болмок. Мен көргөн окуя көз алдымда тасмадай калып калды. Жолдошумду досу менен бир төшөктөн кармап калдым. Бул таш жүрөгүмдө өмүр бою калып калды», — деп жазган ал.

Алданган аялдын айтымында, алардын 2 баласы бар. Балдары атасыз калуусун каалабайт. «Бир кезде бул аял болгондо эмне!» деп да ойлонуп кеттим. Бул менин түшүмө да кирген эмес. Мына ушундай окуя», — деп аяктаган.

Кеп төрү ага, күйөөсү менен олуттуу сүйлөшүү керектигин айткан. Кээ бирлери ажырашууну сунуштоодо. Анткени, ушинтип балдар көрүп калса, эмне болот?

«NewTimes.kz» ММКсынын кабарчысы ал аял менен байланышууга аракет кылган бирок, аял ага жашыруун калгысы келгенин айтып, маектен баш тартып койгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here