Айчүрөк Иманалиева менен Анжелика Бекболиеванын жаңжалы ырбады. Ырчылардын чуусу “Махабат көлү” чыгармасын талашуудан башталган. Анжеликанын апасы Гулина айым кызынын “Айчүрөк” эстрада тобуна кантип келип калганын баяндап, “Супер-Инфого” маек берди. “Мен маркум Мухтар Өмүракуновдун ысымын атагым келген эмес. Айчүрөк өзү сөз козгогондон кийин айла жок айтууга туура келип жатат. 7-8-класстагы кызды чоң кишилер менен сүйлөштүргөн ким? Москвага барганда Анжеликаны Мухтардын бөлмөсүнө киргизип, өзү башка бөлмөгө жайгашыптыр”,— дейт Анжеликанын апасы.

Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” жарык көргөн жаңы санынан (№760, 26-май, 2017-жыл) окуй аласыз.

Булак: super.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here