Редакциядан: Бул макаланын жазылып, гезит аркылуу жарыяланганына туура бир жыл болуптур. Ошондой болсо да, элибиз бул окуяны эсинен чыгара элек. Чыгармак турсун, кез-кези менен эстеп, оозуна алы жетпеген казак министрин ашата сөккөндөр да бар. Бул эле эмес, казак бордошторубуз азыр деле ыңыгайы келе калса да, келбей турса да айрым кезде биздин элди кемсинткенин токтото элек. Буга айтылуу ак таңдай акындарыбыз Жеңишбек, Аалы, Азамат ж.б. акындарыбыз казактын кээ бир керооз акындарынан берген татыктуу жооптору далил. Бир ирет Азамат менен Аалы Ысык-Көлдөгү айтышта казак элин бир аз гана сындап койсо, казактар чычалап, кечирим суроону талап кылышкан. Ал айтылган сындын чоо-жайын жакшылап текшербестен, кыргыз-казак акындарынын мурунку айтыштарда казак акындарынын кыргыз элин кандай мазактап ырдап келгенин эч бир эске албай туруп, Кыргызстандын эличлиги казак элинен жүгүнүп кечирим сурап жиберген. Элчиликтин мындай жоругу жалпы элге жаккан эмес. Себеби, жогоруда айткандай канча жылдан бери казак  акындары кыргызды кемсинтип, мазактап ырдап келсе да, кыргыз бийлиги казактардан бир да ирет кечирим сурата алган эмес.

 Андыктан, бул макаланы  эч өзгөртпөй «Чагылганга» улуттук намысты козгоо, кыздарыбызды ыйманга чакыруу, өздүрүн укмуш сезген казак элинин айрым атка минерлеринин көзүн аз да болсо ачуу иретинде жарыялап олтурабыз. Негизинен кыргыз-кзак бир туугна эл деген сөз сөз бойдон эле калбай, аздыр-көптүр иш жүзүндө да далилденип турса экен. Эки элибиздин ынытмагы артып, кыздарыбызга ыйман берсин деп тилейли. Баса, казак министри Арыстанбек Мухамедиулынын кыргыз кыздарына сын айтып, эки элди тең нааразы кылгандан кийин кыргыз — казак ЖМКларында «жылдызы» катуу жанган. Казак сайттар  ал министр тууралуу буылтыр ушул кезде бир жуманын ичинде жалпысынан 4 миңге жакын  макала, жаңылыктар жарыяланганын жазып чыгышкан. Казак министри кыргыз элинен кечирим сураган. Бирок сураганы менен анын айтканы элибиздин эсинде калды

Казак министри казак элин кыргыздардын алдында жер караты

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы Чынгыз Айтамтовдун чыгармалары тууралуу сүйлөп жатып эле ойду-кырды сүйлөп кеткени Жусуп Баласагын бабабыздын “тил – арыстан босогоңдо комдонгон, бошоп кетсе өзүңдү да жеп койгон” деген таасын накыл кебин эске салат. Мындай дегенибиз, министр мырза айтып оозун жыя электе эле ал дөөрүгөн сөз үчүн казактын башка көрүнүктүү маданий, кооомдук ишмерлери кыргыз элинен кечирим сурап чыгышты. А.Мухамедиулы Ч. Айтматов олуя жазуучу болгонун (анысында талаш жок, муну дүйнө билет), анын чыгармаларында мындан 40-50 жыл мурун эле кыргыздардын азыркы жашоого келери айтылганын сайрап келип, Москвада жүргөндө жапжаш кыргыз кыздарынын коомдук дааратканаларды жууп жүргөнүн көрүп, аларга катуу “боору ооруганын” айтып кетиптир. Бул эми турмуш чындыгы, азыркы катаал жашоодо ар ким колунан келгенин кылып жашап калган кез. Бирок, ошол эле учурда казак министринин кыргыз баурдастарына чындап эле боору ооруганын сезиш кыйын. Чындап күйсө, трибунада туруп алып кыйкырып чыкпайт болчу. Мамлекеттик кызматтын этикасын уруп ойнобогон мындай министрге кыргыз эли да нааразы. Мунун артында “эй, казактар, падышага каршы чыксаңар силер да ушундай абалга түшөсүңөр” деген тымызын кекетүү жатканын баамдаса болчудай… Назарбаев болсо өзүнө каршы чыккандарды казыктай кылып жерге кагам деп желпинип турат. Мунун арты жакшы болуп кетпес…

Кыргыздар казак элин ачарчылыктан аман сактап калган

Казактын маданиятсыз маданият министринин эсине өткөн күндөрдөн бир мисал келтире кетпесек кебибиздин тузу чыкпай калчудай. 20-кылымдын 30-жылдарындагы Казакстанды, Украина жана Эдил (Волга) боюнда жашаган элди каптаган ачарчылыкта 2 миллионго жакын казак журту каза болгонун, мына ошол элге келген улуу апаатта кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмери Жусуп Абдрахмановдун ачарчылыкка туш болгон элге жардам колун сунуп, Сталиндин эт, эгин жыйноо пландарынан баш тартып (башын баталгага коюп дейли) ошол планга тапшырчу эт менен данды ачарчылыктан тентип келген кыргыз, украин, орус калкына бердирткенин, мына ушул эбегейсиз чоң жардамдын аркасы менен казак калкын толук кырылуудан сактап калганын тарых беттери тастыктап, өпөс тамгалар менен жазылып калган.

Ошол ачарчылыкта казак элинин 48 пайызы кыргынга учураганын эми айтып-жазып жатышат. Ал тургай ачкадан өлгөн ададмдардын этин да жешкен, аман калуу максатында… Казакстандын Мерке, Луговой, Алма-Ата аймактарынан келгендер Кыргызстандын Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл аймактарында жан сактап туруп калышкан. Айрыкча, ошол убакта Таластын канча калкы болсо, дагы ошончо ачарчылыктан мүңкүрөгөн казактарды койнуна батырып алышкан. Сталиндин мамлекетке эт, дан жыйноо буйругун бөрк ал десе баш алуу менен аткарган ошондогу Казакстан компартиясынын биринчи катчысы Голощекин казак улутундагы адамдарды итче көргөн эмес. Кыргыздын кыраан уулу, мамлекетти ошол жылдары башкарып турган Жусуп Абдрахманов дал ушул кыйналган казактарга жардам берем деп Сталиндин буйругун аткарбай койгону үчүн 1933-жылдын сентябрында кызматтан алынып, партиядан чыгарылган. Анын андан аркы тагдыры белгилүү. Мунун баары тарыхый чындык. Бүгүнкү күндөгү казак кандаштарыбыздын мурдун көтөрүшүп, кыргыз улутундагыларды жапайылар, баш кесер аташып, мамлекетибизди Афганистанга теңегени бери дегенде маңкурттук. Кайран Жусуп атабыз ушул күндөрдү көрсө эмне демек?!

Сойку болгуча дарааткана жууган миң эсе жогору

Казак боордоштор биздин кыздарга боор ооруганча, өздөрүнөн чыккан Люси Левон (атын өзгөртүп алган) аттууБатыш порножылдыздарынын эсебин толуктаган, шумдуктуу порнотасмаларга тартылуу менен атагы чыккан кызын тыйып алышса болмок! Люси Левон америкалык порнофильмдерге тартылып, өзүн казакстандыкмын деген. Ал 27 жашта, бою 157 см. экени да белгилүү. Уят тасмаларга тартыла баштаганына эки жыл болуптур. Анын “күйөрмандары” ал тартылган “тасмаларды” акы төлөп, атайын сайттан көрө алышат имиш. Бул шумдуктуу казакстандык кыздын күйөөсү бар жана ал аялынын бул “хоббисинби” же жумушунбу колдоого алып, коштоп турат экен. Аянычтуусу, Люси тамагынан рак дартына чалдыгып, өлүм алдында жатыптыр. Казакстанга кайтып келсе алардын мыйзамы боюнча Люси камакка алынат. Казак тергөөчүлөрү үчүн далилдөө иштери абдан кызыктуу болорунан шегибиз жок. Люсинин күйөөсү Джоуи интернет баракчасына мындай деп жазды: “Ал өлүм алдында. Сыйынгыла”. Ал сойку актирсага ким сыйынышы керек? Казактар сйынмак турсун, терисин тескери сыйрыганы араң турушат, сөзгө сөлтүк болушуп.

казашка Люси

Бул казак кыздарынын “ыйманынан” бир гана үзүндү. Мындай мисалдар интернетте “Казак кыздары” деп жаза салсаң, жайнап чыгат. Албетте, сын такандай болбойлу. Бизде деле сойкулук менен алектенген кыздарбыз көп. Ошентсе да, улут кызыкчылыгына төп келбеген сойку киного тартылып, Казакстанды уят кылган кыздардын баарынан жогу жакшы да. Андан көрө, Москвада дарааткана жууса да ак эмгеги менен акча таап, адам сыяктуу жашаган кыргыз кыздары миң эсе жогору эмеспи. Андыктан, казак бордооштор кыргыз кыздарына сын айтардан мурун, өздөрүнүн сойку кыздарына көз салып койсо деген эле тилек…

Казактар өздөрү маданияттын министрдин “өтүн” алгысы келишет.

Кызык жери, казак маданият министринин бул дөөрүгөндөрүнө казак жарандарынын өздөрү эмне деди болду экен десек, дээрлик көпчүлүгү бул туура эмес экенин айтып жатышат. Азамат Айдарбеков аттуу интернет колдонуучу мындай дейт: “Мына биздин маданият министри ушундай сүйлөйт. Биздин полициябыз, депутаттарыбыз ж.б. эмнеликтен маданиятсыз экендиги эми түшүнүктүү болду. Рамазан Амиргалиев: “Бул “маданияттуу” адам кыргыздар менен казактардын алдында кечирим сурашы керек! ММКлардын аны колдон жатышы маскарачылык! Биржан Чукин: “Бул эмне деген маданият министри?! Ага минтип айтууга ким укук берди? Мен эсеңгиреген абалдамын…”. Булат Исай: “Бизди Кыргызстан менен салыштырбагыла! Кыргыздар жок дегенде жеген нандарын абийирдүүлүк, ак эмгек менен таап жатышат! Эгерде бизде нефтинин баасы түшүп кетчү болсо, кудай сактасын, биздикилердин баары чет жерге агылышат! Эки боордош элди салыштыруунун өзү туура эмес. Кайрат Тарбаев: “Казакты дагы жерге каратты мына министр. Кыргыздар бул төрө Мухамедиулынын жеке пикири экенин түшүнөт деген үмүттөбүз…”. Мына ушундай кызуу талкуулардан кийин казак министри “соо” калбаса керек. Дөөрүп сүйлөгөн адам сөзүнө жооп берип, кандайдыр бир деңгээлде жазаланышы абзел.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here