Чагылган: Бүгүн Кыргызстан боюнча орто мектептерде салтка айланган акыркы коңгуроо иш-чаралары өтөт. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында ылайык, өлкө боюнча 2200дөн ашык мектептен 62 миң бүтүрүүчү 11-классты, 92 миң бүтүрүүчү 9-классты бүтүп жатат. Акыркы жылдары акыркы коңгуроо иш-чарасы өтө эле салтанат менен өтүп, чоң майрамга айланып калды. Ушундан улам бүтүрүүчүлөр ар кандай кырсык-кылмыштарга көп кабылып келет. Жыл сайын бул иш-чарада милиция өлкө боюнча күчөтүлгөн тартипте иштейт.