Чагылган: 25-майга караган түнү Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун атасы Жумакадыр Исаков көпкө созулган оорудан улам көз жумганы белгилүү болду. Маркум Жумакадыр аксакал 1939-жылы 27-августта Нарын облусунун Кочкор районунда колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлүп, узак жылдар бою Жалал-Абад жана Ош облустарында партиялык кызматтарда иштеген. Ошону менен бирге Ош облустук элдик депутаттар кеңешинин 3 жолку чакырылышында депутаты болгон. Ал 2005-жылдан бери персоналдык пенсионер болуп келген. Жумакадыр аксакал кыргыз элинин белгилүү жазуучусу Сагындык Өмүрбаевдин күйөө баласы болгон. Сапар Исаков ошол чоң жазуучунун небереси экени айтылып келет.