Чагылган: Актауда салмагы 665 грамм жана бою 28 см Барби куурчагындай кыз төрөлгөн. Бул тууралуу «Казинформ» эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

37 жаштагы Айжан Саденова алгачкы, көптөн күткөн кызын төрөгөн. Бирок, кыз ара төрөлүп калган. Учурда эне кызына тынчсызданууда.

Салыштыра кетсек, эски үлгүдөгү Барби куурчактарынын бою 28-30 см болгон.

Аталган облустук перинаталдык борбордун неонатологдору, ара төрөлгөн балдарды 1000 граммага чейин багышат. Алар оор  акыбалда төрөлгөндөрдү, кош бойлууларды карашат.

«Учурда мындай аз салмактуу балдардын жашап кетүүсү 50%ды түзөт. Бул дарыгерлердин жана эмчи айымдардын эмгеги деп эсептейбиз”, — деди Мангистау облустук перинаталдык борборунун жаңы төрөлгөндөрдүн терапия жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Алия Тасирова.

Ушул эле бөлүмдө дагы бир 720 гр 32 см төрөлгөн кыз каралууда. Перинаталдык борбордо 17-ноябрь Эл аралык ара төрөлгөн балдардын күнүндө акция өткөрүп, бул жерде ушундай аз салмакта төрөлгөн балдарды чакыруу пландалууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here