Чагылган: Нарын районунан 10 чакырым алыс жайгашкан эки тоонун ортосунда жайгашкан Орук-Там деген айыл бар. Бул айыл чынында эле кароосуз калганын береги тасмадан көрүүгө болот. Болгону 30 түтүн эл жашайт экен.  Мектеби эскинин эскиси, анын деле барган сайын күнү бүтүп баратыптыр. Саналуу гана окуучулар окуйт. Эң башкысы айылда таза суу жок. Эл таза сууну 2 чакырым жерден ташып ичишет. Элдин карманганы эле мал экен. Ооруканага жетүү кыйын болгондуктан айылдагы келиндер үйүнөн эле төрөй беришет экен. Себеби, борборго да такай каттаган унаа жок. Болсо да бирин-сирин эле. Азыркы техниканын өнүккөн заманында бул айылда жада калса телефон да тартпайт. Телефон менен сүйлөшү үчүн айылдыктар 20 чакырым жерге чейин барууга мажбур болушат. Кыскасы, ушундай. Бул айылды бийлик эчак эле унутуп койгондой. Унутпаса, бир аз болсо да жардам берет эле го. Таза суу, телефон, оорукана ж.б. жок болсо,кышкысын өтө оор болуп, жол жабылып калса, демек ал айылды башка айылдардан жер бөлүп берип көчүрүгөнгө жардам берсе болмок. Айылда деги жер кенен. Болбосо отуз түтүн элдин убалы кимге? Же ал айылда жашагандар  тагдырдын өгөй балдарыбы?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here