СССРди бийликке келгенде соко менен өткөрүп алып, акырында ядролук курал-жарак чыгарган кубаттуу мамлекетке айланткан Сталин: “Кадрлар баарын чечет”,-деп бекеринен айтпаса керек. Анткени мамлекеттик кызматта ар бир тармактын башына өз ишин мыкты билген адис келгенде гана иш алдыга жылып, ийгиликтер жаралат эмеспи. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы”,-сойсун деп коёт эмеспи биздин элде.  Кадр маселесинен тышкары башка айрым маселелер боюнча суроолорубузга жооп алуу үчүн ЖКнын экс-депутаты Нарынбек Молдобаев менен маектештик.  Нарынбек мырза болгонун ачык эле айтып төмөндөгүдөй маалыматтарды берди.

-Нарынбек мырза, «Кээ бир учурда уктап жаткан адамды ойготууга бир эле адамдын аракети жетиштүү» деген өтө күчтүү айтылган сөз бар экен. Мына ушул сөздүн тегерегинде кеп кылсак...

—Эми бул абдан жакшы сөз экен. Эгерде кайсы гана элдин тарыхын карап көрсөк , бизде “тарыхты эл жасайт” деп айтылат го. Тарыхты эл деле жасабайт. Тарыхты так эле личность жасайт экен. Алыска барбай эле мисалы, Түндүк Кореяны алып көрөлүчү. Бир эле 29 жаштагы президенти эмне кылам десе өзү билип каалагандай башкарып жатпайбы. Мүмкүн эки элдин эчак эле кошулалы деген ою бардыр. Эл болсо Кореянын эки президентинин ырын ырдап, бийин бийлеп жатышпайбы. Бардык жерде ушул. Наполеонду, Петр-1ди ал, тарыхты эл жасаган жок, личносттор жасап жүрөт.  Мен ушуну байкап жүрөм. Ленин тууралуу айта турган болсок , ал учурда азыркыдай интернет жок болгону менен, элдин колуна  “Искра” деген гезит жашыруун таратылган. Жогору жакта бийликте тургандар төмөн жактагыларды жакшы башкара албай калышкан.  А төмөн жактагылар болсо бийликтегилерди таптакыр тоготкон эмес. Ленин коомду ойготкону менен,  ошол учурда Россия экономикасы күчтүү мамлекет эле. Ал эми революция эмнеге алып келди? Россия алсыз мамлекетке айланды. Эми мен революциянын зыяндарын көп эле көрдүм.  Францияда Версаль деген 400 бөлмөдөн турган имарат бар экен. Революция болгондо эл паркеттен жасалган полдун баарын чыгарып кетишиптир. Шыбына жетпей калыптыр.

-Кореялыктар биздин түндүк менен түштүктөгүдөй бир эле эл да?     

-Туура айтасың биздей бир эле эл. Демек тарыхты жасаганга бир эле адам себепкер болот.  А  бирок ал үчүн коом ага даяр болушу керек. Эми мен кичинекей бир мисал келтирип кетейин. Учурунда Бакиевдер бийликке келгенде бирөөлөр келип айтты. Ушинтип Жаныш Бакиев сот тармагында бир күн да иштебеген милиция кызматкерлерин кызматка коюп жатат.  Прокуратура кызматына да өз кишилерин коюп жатат деп. Мен ошондо туура кылат,  эң жакшы болот деп айттым. Эмнеге? Сен алардын саясатын колдойсуңбу?- деди. Жок, мен колдобойм. Элге мен алардын саясаты туура эмес болуп жатат деп айтсам  түшүнбөйт. Көрсүн, бышсын эл дедим. Күндөрдүн биринде ал Бакиевдер Бишкек санэпидемстанциянын башкы дарыгерлигине таптакыр кесиби туура келбеген бирөөнү кызматка койгондугун,  ал жердеги адистердин баарын жумуштан кетирип жалаң өздөрүнүн туугандарына кызмат беришкендигин айтты. Эми бул көп жылдан бери иштеп келе жаткан тармак да.  Ошондо дагы чала болот, жакшы болгон турбайбы дедим. Ал ошол кантип болсун… Сен эмнеге аларды колдойсуң?- деди мага нааразы болгондой түр көрсөтүп.   А мен ага: “Ай, элге жетсин. Эл билсин. Жара толуп жарылсын”,- деп айткам. Жара качан толорун сураганда беш жылга барарын айткам.

Эми тарыхты деле карап көрсөңөр. Байыркы Римди ала турган болсок, кадрларды койгондо калыстык болбосо, анда эртели-кеч сөзсүз эл чыр чыгарары белгилүү эле болгон экен. Биздин өлкөдө азыр деле ушундай болуп жатат. Кадрлар тууралуу жакында эле “Замандаш” саясий партиясынын тең төрагасы Жеңиш Молдокматов ачык эле айтты. Эми ал чекесин айтып өтсө да туура айтты. Муну дагы толуктап айтыш керек. Санап бүтө албайсың.

—Сиз  дагы кеңири толуктап кетпейсизби?  

—Эми толуктап кете турган болсом мисалы үчүн мэрди алгыла. Буга чейин бул киши жергиликтүү башкаруу бийлигинде иштеп көргөн киши бекен? Иштин чоо-жайын билеби? Анын күйөө баласын Кытайга алып барып элчи кылып жатышат. Муну элдер көрбөй жатат дейсиңерби? Буга окшогон мисалдар толтура. Биз кантип анан кадрлар туура коюлуп жатат деп айта алабыз… кадрлардын деңгээли өтө төмөн болсо, анан кантип иш алдыга жылат. Мына ушундай көрүнүштөр акыры барып элдин кыжырын кайнатат. Учурда коомчулуктун көңүл борборунан орун алып элдин ишенимине толук кандуу ээ боло турган лидер жок. Элди ээрчитейин десең бузуку көрүнүп каласың.

—Сиздин кыраакы көз карашыңызда чоң саясатка аралашып жүргөн эл ээрчип кете турган инсандар барбы? Ошолорду ачык айта  аласызбы?   

—Андай саясатчылар бар. Бирок алар канчалык кыйкырып элди ээрчитип кете албайт. Буга деле каражат керек. Ал эми элди ээрчитип кете турган адамдарга бийлик эчак эле кызмат берип койгондуктан алар байланып калган. Мисалы, Аликбек Жекшенкуловдо билим, саясий тажрыйба жокпу? Алыс барбай эле Ишенбай Кадырбековду алалы. Бул кишиде уюштуруучулук жөндөм жокпу? Акылы бар. Далай партиянын ишин жөнгө салып кете алат. Бирок жогоруда айткандай тиге-буга баары бир каражат керек да. Кээ бирөөлөр коркок. Мисалы, түштүктөн Мамбетжунус  Абыловду жүрөгүндө кара жок адам катары сезем.

—Сиз айтып өткөн А.Жекшенкулов менен И.Кадырбековго учурунда коррупция боюнча кылмыш иштери козголуп камалып чыгышкан да.  Аларды жөн жерден камалып чыгышкан деп эсептейсизби? Жекшенкуловго азыр деле дооматтар айтылып жатпайбы…   

—Жекшенкуловго  дооматтар анын оозун жабыш үчүн ал оппозицияга оой баштаган учурда айтылды. Ал  министр болуп турган учурда эмне айтылган эмес.   Ал эми Кадырбековго карата дооматтар мүмкүн чындыктыр. А бирок ал деле акталып чыкпадыбы.  Адам качан гана бийликтен кеткенде гана оппозициянын катарына кошуларын байкадым. Мисалы, Отунбаева министр болуп турганда эч унчукчу эмес. Ал кызматтан кеткенден кийин эртеси эле аянтта жүрдү. Кийин аны алдап убактылуу президент кылып коюшту. Ал деле кыйратып эч нерсени чечпестен “куурчак” эле болуп турду. Маселенин баарын Текебаев менен  Атамбаев чечип турушкан.

-Биздин өлкөдөгү кыймылдар менен партиялардын орду бүгүнкү күндө кандай деп ойлойсуз?

—Бүгүнкү күндө партиялар кыймылдарга айланат го деп ойлойм.  Ошондо гана эл колдойт. Сын көз  менен караганда биздин коом өзүнүн формациясын  өзгөртүүгө даяр болгондой эле көрүнүп турат. Анткени элдин арасында нааразычылыктар кездешип жатат. Бирок, Бакиевдердин учурундагыдай эмес. Бакиевдер Кыргызстандын ырыстуу жерлерин жалаң еврейлерге бөлүп бергени аз келгенсип, акыры өлкөнү түп-тамыры менен жок кыларда эл көтөрүлүп чыкпады беле.

Маектешкен Нуркемел Исаев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here