Оо де, мындан мурунку замандан айланса болот, анткени,  кай жакты караба, ырыскы куюлуп, ыйман жылоолоп турчу да! Ооба, курсак ачкан, кийим бүтөлбөгөн күндөр көп эле… Бирок, ошого чөкпөй, булутсуз күндөй  жаркырап-жайнап, бири-бирине жардам берип, «меники» деген дилде жок, баары «биздики» болуп, эртеңкиге үмүттүү карап, тирүүлүккө суктанып, тобо келтирип,  кубанып турчубуз да. Ооба,  ал замандын акчасы аз, өп-чөп дасторкондуу, анткен менен, бирине бири жөлөк болгон  бактылуу  күндөрү кайткыс болуп кетти го!

Эми бүгүнкү күндүн сүрөтүн тартсак мындай болуп турат: бири-бирине күйүмдүүлүк жок болду; бирөөнүн ийгилиги экинчисине катуу сокку болуп турат; ата менен бала, эне менен кыз тытышып, кээси менен соттошуп жатканы; келиндер чыкты, кайнене менен кайнатаны көмө чапкан; жигиттер чыкты, албуут катынынын тепкисинде калган; кошоматчылар чыкты, чоңунун көчүгүн кайра-кайра жалаган; уурулар чыкты, өзү тойсо да көзү тойбогон;  балдар-кыздар чыкты, кыргыз болуп, кыргызды жек көргөн; айбандар чыкты, өз кызын зордуктаган; мыкаачы балдар чыкты, өз энесин өлтүргөн; жетекчилер чыкты, элдикин жеп,  ошого ойношуна үй алперген; «киргиздер» чыкты, эне тилинен жийиркенген… минтип санай берсем, ак дил окурманымдын жүрөгү канап, тажап кетер, токтоттум. Анын үстүнө алар башка түшкөн балээнин баарын менден кыйын билет эмеспи… мен эстетип жатканым…

Азыр ашкере билимдүүлөр көп. Алардын телерадиодон айткандарын угуп, гезиттерге жазгандарын окуп  олтурсаң, кандайдыр бир ыйык адам асмандан түшүп келгендей ойлосуң, аны кайра-кайра уккуң келет, окугуң келет, ошол адамдай болгуң келет. Алардын бири жазуучу, бири мамкызматкер, үчүнчүсү молдо, төртүнчүсү ЖОЖдо иштейт, бешинчиси Ак үйдө, оппозициядагысы бар дегендей, ж.б. Дагы айтам, кооз сүйлөйт. Бирок, олда наалатыныкы ай, ошол адам куу, ушакчы, ачкөз, бирөөнө жакшылыгы жок, ыгы келсе эле жеп-жутуп турган коррупционер, бирөөнүн жакшылыгын көрө албаган ичи тар болуп чыгат. Мындай адамдар толуп, бу турмушка батпай кеткендей… Эй, ошол шүмшүк, сенин өз дилиңде жок жакшы кепти айтпа, сен биринчи иретте өзүң жакшы адам бол, анан гана ал жакшылыгыңды бизге айтар кепке айлант. Өзүң айбан болуп туруп, бизге акыл айткандан айланасыңбы?!

Кайсы бирөө жетекчи кызматтарда иштеп, анан ал жерден жарылганча жеп, акыр-аягы камалып, ал жактан акчанын күчү менен бошонуп, анан эч нерсе болбогонсуп элге акыл айтып, эл үчүн күйгөн болуп… ой бир күйгүзөт дейсиң… Ушул мен айтканды Нариман Түлеев менен Акматбек Келдибековго, Урмат Аманбаевага жана ушуларга окшогондорго  арнадым.

Мурун акындар, жазуучулар, драматургандар,композиторлор,  режиссерлор, актерлер… коомдун бир мыкты катмарын түзүп, элге-журтка аябай кадырлуу эле. Алар мыйзамды бузчу эмес, туура сөздөн тайчу эмес, бир жерден жеп-ичүү оюна да келчү эмес, ырыстуу болуп, бактылуу болуп элине кызматын кылчу да элинин жакшы сөзүндө жана төрүндө болчу…  Азырчы?  Азыр болсо «мен айтпайын, сен укпа» дегендей кеп. Айтпай кайда бардык, айласыз айтабыз да…

Окурманы жок том-томдорду чыгарган, сыйлыктарды алган, ушак айткан, ууру кылган, бирөөнүн ийгилигин көралбаган, көрүнгөн комиссияга кирип алып былгыткан, телерадиодон түшпөгөн, бир былжырак китебин чыгарып алып, анысына презентация өткөрүп мээни жеген, баланча жашка чыктым эле деп күч кылып өкмөттөн акча, сыйлык сураган, досмун дегендерге ушак чыгарган, эки кишини чабыштырган, катыны эркек болгон, эркеги катын болгон, мен гана мен болоюн деген… сөз кыскасы адам сынынан кеткен маданий ишмерлер аябай көбөйдү.

Болот Осмонов, Кыргызбай Осмонов, Султан Раев, Керим Турапов, Асан Жакшылыков, Темирлан Сманбеков, Мукталы Бектеналиев сыяктууларды эл жакшы билет. Мына ушулар иштеген жерлеринен тойгончо жеп, жеген жокпуз деп өлгөнчө карганып, анан эл алдында жүзү «жарык» эле болуп жүрбөйбү. Анысы го мейли, бирок, эл алдына чыгып алып акыл айткандарын кантесиң?! Эйлер, жеп-ичип элге билинип, анан жек көрүнүп калдыңбы, болду, баарын таштап, көчүктү кыс  да үйңдө жат, эл көрбөсүн, сасык жытыңды жыттабасын! Уяты бар антчү заман кетип тынбадыбы… Баса, жогоруда аты аталгандардын кылыктары жөнүндө биздин Айбек Шамшыкеев көп билет, кызыксаңар келип сурагыла…

Жаман жосундар толуп кетти. Маселен, кайсы бир чыгармачыл адам 50, 60, 70, 80 жашка чыгат дейли. Болуптур чыксын, кудай берген соң жашасын да. Анан эле кудай берген жашын күч кылат, «мен баланчага чыгып бердим, тигинттим, минттим, эми силер тигинткиле» деп той өткөрүүсүн, наам,  сыйлык берүүсүн талап кылат. Кээси, «ой, мен тимеле коелу десем, бала-чакам эле болбой, тиги болбой, бу болбой юбилейди өткөрөлү деп жатпайбы» деп кара жанын жеп калп айтат, баарын өзү баштап жатканы көрүнүп-билинип турса да калп айтат.  Ошол желмогуздун түпкү максаты- акча чогултуп алуу, анан элге даңазалануу. Акчаны го чогултат дечи, бирок,  элге эмнесин даңазаламак эле,  аны менен иши жок…Элди келесоо көрөт…

Дагы бир чыгармачыл неме шыйпактап кай бийлик болсун анын тегерегинен чыкпайт, алар уккандай кылып, аларды мактап турат. Өздөрү түз айткан, түз жүргөн адамдай көрүнгүсү келет. Эй, шоркелдей, сен канча хамалеон болбо, чыныгы жүзүң менен баа-баркың элдин көз алдында. Эл деген чөөнү эч качан арстан кыла албайт! Миң кубулсаң да шыйпактаган жийиркеничтүү жүзүң менен турганың турган! Мындайлар кайсы бир китебин  бирөөлөргө мактатып жаздырып гезиттерге  чыгарат, бирок, андан деле майнап болбойт, жаман чыгарманы канча мактаба оңолбосу турулуу!

Бир жолу, жаңы эле айрылып калган Бөкөнбай досума: «Бөкө, 60 жашка чыктың, бир нерсе уюштурбайлыбы» десем, айланайын, так секиргенин айтпа! Кайдан айттым эле дедим. Дагы бир ирет Бөкөнбайды «Кыргыз жана жүз киши» дегенге киргизейин десем: «Баратбай, эгерде чын эле досмун десең, ошонуңду жөн эле койчу» дебатпайбы. Эми Бөкөмдөй болуш… жок, жок, андай адамдын жаралышы көп жылда бир болор…

Бу Аракеев деген неме эмне эле тыңсынат дегендер сөзсүз болот. Ошолорго айтарым: мен калп айтпайм,  эч качан бирөөнүн бир тыйынын алган эмесмин, байлык куубайм,  ушак сүйлөгөн эмесмин, мен мунуңду жазайын, сен баланча төлө деген эмесмин, бирөөнө кошомат кылбайм, анан да башка аял менен жүрсөм, жашынбай эле жүрчүмүн, ичсем жашырбай эле иччимин, ж.б. Албетте, менде да жаман сапаттар бар, бирок, алардын өзүмө зыяны болгону менен өңгөгө анча зыяны жок.

Төрт  жылдай мурун бир тойдо конок болуп жатып, анан  эс алуу болуп сыртка чыктык. Санаалаштардан беш-алтообуз турабыз. Анан сөздөн сөз чыгып, мага жардам бермей болушту: бир бөлмөлүү там алып берет, филармонияда (!) «Кечиккен кездешүү» деген кече уюштурат, неберелериме бала-чакага чакан үй салып жаттым эле, аны бүтүрөт… Мындай жыргал болбоспу! Анан тойдун эртеси болду, ошондо дароо билгем айтылгандардын баары куру сөз, былжырак экенин. Эми мындан ары дос болобу, шайтан болобу,жардам сурабайм. Аз пенсиям бар, аз айлыгым бар, ошолор жетип берет, анткени, мен топук кылып чоңойгом, ошол бойдон келатам.  Кыйналып баратсам,  калп айтпаган, байлыгы жетиштүү  үч-төрт ини досторум бар, толтура жакын санаалаштар бар,  алар дароо жардам берет.  Муну  айтканым, куру сөзгө ишенбегиле дегеним, анан да жутунбагылачы дегеним…

Далай шүмшүк эркектерди билем, ойношсуз жүрбөйт, дайыма жалгыздап согот. Алар ошол ойношу менен жолукканда элеңдеп эки жагын кайра-кайра карап, ээн жерден жолугушуп,  бир тозоктон өтөт, эгерде бир нерсе ичип калса, үйүнө көмүскө жер менен жөнөп, койчу деги, бу турмушту кор кылат да… анан жигиттиги калбайбы… Кийинки убакта чыныгы жигиттер жана жигиттик жоголуп барат, жакшы адамдар ошого капа…биринчи иретте, асылбаа аялдар капа…

…Ал эми сыртта болсо,  адеп, маданият, ыйман жылы өтүп жатат…

Автор:   Баратбай Аракеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here