1) Жалпысы 118 талапкер документ тапшырган. Бирок бир дагы талапкер менен тандоо комиссиясы же министрлик (собеседование) аңгемелешүү, маек өткөргөн эмес. Англис тилин билүү деңгээлин текшерген эмес. Мага далай ата-эне, талапкер кайрылды. Англисче билет деген сертификатты азыр ар ким алып, тиркетип кое алат. Демек бирөө 13 тил билем деп жазып койсо, ал окууга тандалып калабы? Же сүрөтүнө, боюна карап эле тандап коюшабы?

2) Комиссияга 25 гана адамдын тизмеси берилген, алар бекитип койгон, калган ЖҮЗдөй адамдын документин эмнеге карашкан эмес?

3) Венгриянын өзүнө катталып, документиңди министрлик аркылуу жибер, күтөбүз деген жоопту алгандар да бар. Кийин министрлик сиздин документти жиберген жок деп кат алышкан. Бир талапкерди болсо, Сиздин документиңизди чакыртып алды министрлик деген жооп келген. Факты турат. Дагы далай нюанстары бар.

Ал эми депутат мырза «Жанардын тууганы өтпөй калса керек, чычалап жатат, менин кызым онлайн экзамен берген» деп айтты. Мен тууганымды мындай жол менен окууга жиберүү түшүмө да кирбейт, бул биринчиси, экинчиден онлайн сынак али боло элек, калп окшошпой калды бул жерде.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here