Чагылган: Белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматов учурда кызуу талкууга түшүп жаткан Айчүрөк Иманалиева менен Анжеликанын чатагы тууралуу ФБ баракасынан өзүнүн калыс пикирин төмөндөгүдөй жазды:

-Тобо-о, кечирип койгула, бирок, өздөрүнүн жеке талаш-тартышын элге алып чыгып, күйөрмандарын чуулдатып жаткан эки эже-сиңди ким? Өлкөнүн негизги маселелерин чечип жүргөн мамлекеттик ишмерлерби? Адамдарды таза жолго чакырыш үчүн азап чегип жүргөн рухий лидерлерби? Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева, Бүбүсара Бейшеналиева, Жамал Сейдакматова жана башка көптөгөн эжекелер сыяктуу кыргыз маданиятына опол тоодой салым кошуп жаткан кайталангыс таланттарбы? Кашайып мен алардын андай чыгармаларын укпаган экем. Чын-чынына келгенде бүгүнкү күндө бул эки айымдай жүздөгөн таанымал ырчы, чоорчу, акын, жазуучулардын бар же жок экендигинен эч нерсе өзгөрбөйт. Алар ырдабай, жазбай койсо деле улуттук маданияттын кылы кыйшайбайт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here