Энедей жыргап күлөөрдө,
Ээрчитип бөбөк сүйөөрдө,
Төш тартып төргө чыгарып,
Төбөдөн нур тиээрде,
Ырларды ырдап аткарып,
Ысык суугуна күйөөрдө,
Эжелер элди таңгалтып,
Эмине болду силерге?
Кечиришсеңер болбойбу?
Керемет ай кирээрде!

Кадырлашып жүрүүгө,
Качан билбейм жарайбыз.
Сен да мен да замандаш,
Сезимдерди сабайбыз.
Кечирип койчу дегенге,
Кежирбиз да чабалбыз.
Ушул сөздү айталбай,
Убакытты камайбыз.
Эртең эртең бир күнү,
Эрмен чөптү карайбыз.
Көңүлдө сөздү айталбай,
Көрүстөнүн карайбыз.
Кеч болуп кала электе,
Көңүлдөрдүн жыртыгын,
Келгилечи жамайбыз!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here