Бахила сатып алууга мажбурлоо менен медициналык мекемелер 100 миңге чукул каражат табарын көпчүлүк этибарга албаса керек. А бирок, ооруканаларга баш баккандардан акча өндүрүүгө министр тыюу салган. Биздин колумнист жана кабарчыбыз Максат Элебесов бул көрүнүшкө көз жуумп кое албастан, иликтеп чыккан.
Өткөн жылдын аягында, жакын адамдарымдын бири операция болгондо мындай бизнеске күбө болдум. Күнүнө бир нече ирет ооруканага кирип чыгам, ар биринде медайымдар мага бахиланы 5 сомдон сатышат. Кийинчерээк, аларда жок калганын айтып, ошол эле имараттын 2-кабатындагы дарыканадан алышымды өтүнүштү. Ал жакта бахиланын баасы 10 сом экен. «Кирешелүү иш го», — деп койгом. Бирок бир нече айдан кийин буга төмөнкү макалада орун алган фактылардан кийин ынандым. Сөөмөй сая көрсөтө Мамлекеттик медициналык мекемелерде бахила сатуу сымал көрүнүштөрдү ар бирибиз байкасак керек. Бирок, дааналап көрсөтүш үчүн так мисалдарды келтирип, сүрөттөрдү сүйлөтөлү. Фучик көчөсүндөгү шаардык №1 бейтапканада сиздин тааныш бейтап кайсы палатада жатканын гана айтып бербестен, сизге 5 сомдон бахила да сатат.

Ал эми Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кызматкерлер бахила сатып алмайынча сизди ичке киргизбейт.

Улуттук госпиталда үч бөлүм бар. Кире бериште турган автоматка беш сом салып бахила алса болот. Аталган жайда буга эч ким мажбурлабайт, бирок бөлүмгө киргизилбегендер бахила алыш үчүн кайра чыгышат. Урология илимий борборунда коммерция бир аз башкача: бахила толтурулган автомат коюлган. Бирок баары анын жанында отурган оорукананын кызматкеринин баштыгынан сатып алышат.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө институтунда да автомат орнотулган. Коопсуздук кызматкери келгендерден бахила кийүүсүн өтүнөт. Мамлекеттик медициналык мекемеге баш баккандарга бахила сатууга акысы бар-жогун шаардык №1 оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев түшүндүрүп бере алган жок. Телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө ал кызматкерлер келгендерди дарыканадан бахила сатып алышын суранарын айтты. Бирок «Кызматкер бул ишти өзү билеби?» – деген сурообузга сүйлөшө албастыгын шылтоолоп, жооп берген жок. Мындан кийин бардык медициналык мекемелердин жетекчилеринен бул боюнча сураштын маанисин көрө алган жокмун. Бахиладан канча табышат? Албетте, эч бир кызматкер бейтааныш бирөөгө өзү же жетекчиси медициналык өндүрүмдөн канча табышарын айтып бере койбойт. Ошол себептен, сатып алуучу кейпин кийип бахиланы дүңүнөн саткан адамга кайрылдым. Ал түгөйүн 1,5 сомдон сатат. Эгер беш миң түгөй ала турган болсоңуз, 10 тыйын түшүрүп берет. Ооруканалардын кызматкерлери менен сүйлөшүү кыйынбы?

 Аракет кылдыңыз беле? Мурда ошентип иштечүмүн, адатта кире бериштеги медайымдар менден алып сатышчу. Бирок, азыр аларга жетекчиликтери тыюу салгандай. Бул кирешелүү иш, ошондуктан, жетекчилик да буга киришкендей. Күнүнө орточо канча бахила сатылат? И.Ахунбаев атындагы Улуттук госпиталь алчу. Азыр ал жакта үч хирургиялык бөлүмгө бир кириш бар. Босогосунда медайымдар турат. Күнүнө алар менден миң даана сатып алышат. Бейтаптарды көрүүгө күнүгө уруксат берилет, ошондо бир айда 150 миң сомго бахила сатууга болот.

Эгер «товардын» наркын (45 миң) эске алсак, таза киреше 105 миң сомду түзөт. Саламаттык сактоо министринин пикири Ооруканаларда бахила сатууга тыюу салынганын Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө билдирди. Бирок ооруканалар келгендердин баарын бекер бахила менен камсыз кыла албастыгын, буга каражат каралбаганын айтат. «Бахила өз наркында сатылышы керек, андан пайда табууга жол берилбейт. Бирок, ага кандайдыр бир чара көрүү үчүн расмий тастыктоо керек. Кол коюлган так бир арыз болушу зарыл», — дейт министр. Анын айтымында, кыргызстандыктардын бири бахила сатып алууда кызыл кулактыкка туш келсе, ал медициналык жайдын жетекчисинин үстүнөн министрдин атына арыз жаза алат. Министрлик ооруканаларга келгендерден акча өндүрүүгө жол бербөөгө болгон аракетин жумшайт. Мыйзам буга эмне дейт?

Бахила сатууга мыйзам түздөн-түз тыюу салбайт. Бирок оорукананын оозундагы коммерция Конституцияга каршы келет. Башкы мыйзамдын 47-беренесинде мындай айтылат: «Мамлекет ар бир адамды медициналык жактан тейлөө үчүн шарт түзөт жана саламаттыкты сактоонун мамлекеттик, муниципалдык жана жеке секторлорун өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт». Балким, бул макала Жогорку Кеңешти же Саламаттык сактоо министрлигин чара көрүүгө – калкты тейлөө шарттарын өзгөртүүгө чакырык болор. Себеби, акысыз медицина кире бериштеги кызыл кулактыктан башталбоого тийиш эмеспи.
Булак: sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here