Чагылган: Былтыр февраль айында Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалган Фархад Бекмамбетовду өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кызматтан алды. Буга чейин ага эскертүү берилип, кызматтан алынары айтылган болчу. Ошентип, «Ата Мекендин» депутаты, айтылуу «Айтыштын» негиздөөчүсү Садык Шернияздын оң колуп болуп келген Фархад мырза орун басарлык кызматтан кол жууду. Дагы жакшы, бийликке катуу оппозиция болуп келаткан партиянын атынан мамлекеттик чоң кызматта ушунча убакыт иштеди. Бийлик аны «Ата Мекенчи» деген шылтоо менен эчак эле кызматтан кетирсе, оңой эле кетирип коймок. Ансыз деле, ажо менен Текебаевдин мамилесин тескеринен кеткенде «Ата Мекенчи» делген бир топ адамдар мамлекеттик «майлуу» кызматтардан  себеби жок эле тебилди го. Фархад мырза кызматтан кеткенине анчалык деле башы оорубаса керек, себеби, өзү иштеп көнүп калган «Айтыштын» жүгүн көтөрүп, жан бага берет да.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here