Чагылган:Өзбекстандын борборунда Ташкент телемунарасы тарапка кеткен Шахрихтан көчөсүндө, аял унаанын алдына бой таштоого аракет кылган. Бул тууралуу интернет колдоонучулары кабарлайт.

Унанын тасмасына 21 -майда тартылып калган тасмадан,  жол жээгинде турган аял, жүрүп келе  жаткан унаанын алдына чыгып, ал жакындаганда жата калганы көрүүгө болот. Бактыга жараша айдоочу унаасын убагында токтотуп калган да, «ойлогону» ишке ашпай калган аял шашпай туруп, эки жагын каранып жээкке чыга, кийинки унааны утурлай жөнөйт.

Интернет колдонуучулар белгилегендей, бул жалгыз эле көрүнүш эмес. Ушул күндөрү Ташкентте көптөрү унаанын алдына чыга калып,  айдоочуну күнөөлөп,  «акча жасоого» аракет кылып калгандыгын жазышууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here