Чагылган: Акыркы кезде парламенттеги депутаттардын деңгээлиненби(?) айтоор, эки көйнөк жаңы кийгенибиз деле «депутат болом» деп оозу-мурду кыйшайбай эле айтып калдык.

super.kg Алтынай Эмилбекова аттуу сулуулар сынагынын катышуучусу, алдыда депутат болууга кам уруп, депутат болоорун билдириптир.  Өлкөдө өтүп жаткан сулуулар сынагынын суйкайган катышуучулары, өң келбетти караганга эле маш, баштын ичи болсо мээ эмес эле «косметикага» толгондугун көрүп эле жүрбөйбүзбү. Дегеним, башканы кой, кечээки эле ааламга аты чыккан Айтматовдун кайсы кылымда жашаганын(?),Сүймөнкул Чокморовдун кимдигин билбей шерменде болуп атышпайбы.

Алтынай Эмилбекова жогоруда аталган сайттагы маегинде: «Депутат болушум мүмкүн. Шаардык кеңеште тандоо болуп жатканда «өзүңдүн аймагыңан чыгып көрбөйсүңбү, аудиторияүң  бар»  дешкен. Бирок ага көп каражат, убакыт керек. Жөн эле узун тил менен чыгып кетпейсиң. Анын үстүнө быша элекмин, бери дегенде 5 жыл керек.  Саясат  таануу факультетинде окугандыктан ушул бийиктикти багындырышым  мүмкүн»,- деп айткан.

Мындай көкүрөгү бар, көөдөнү бош кыздардын дымагына дымак кошкон, парламенттеги чиновник атыгып, креслодо чойкойуп отурган чиновниктердин акыл парасаты, билим деңгээли болуп атпайбы. Болбосо, кечээ жакында эле «Манасты» сураса билбеген министрлерди, «центрды» — «сентр» — деп жазган чиновниктерди деле көрбөдүкпү.

Аталган сайттагы  маекке,  комментарий берген интернет колдоонуучуларынын көбү нааразы болууда. Алардын арасынан Alibay аттуу интернет колдонуучу:  «Депутат болуу дегенди -кымбат баалуу кийинип жүрүү, акчасы көп, кымбат машина тээп, анан дагы мамлекет баарын төлөп бере турган бир майлуу,сүттүү жерди гана элестетип калбадыкпы. Элге кызмат кылып жатабы? Кандай пайдалуу мыйзамдарды жазды? Ал менен эч кимдин иши жок.(Тилекке каршы кээ бир депутаттардын айынан). Ошол себептүү азыр  элдин баарынын ою депутат болуш. Алардын катарында бул кыз да бар экен…», — деп жазып калтырган.

Айтайын дегеним, «депутат» — дегенди, кычырап кийинип эле, кооз сүйлөп жүргөндү түшүнүп албашыбыз керек да. Анын вазыйпасы, өтө жогоруда, каржалган калктын кайгысын азыйтып, көйгөйүн жеңилдетип, мамлекетти өнүктүрүүгө маңдай тер, таман акысын аябоо. Аны эл ошол үчүн шайлайт да. Алар элдин манабы эмес, кызматчысындай кызмат кылуу керек эмеспи. Аны бу береги жарым жылаңыч пери түшүнөбү? Же жокпу? Ал өзүнчө маселе.

Бирок, парламенттик башкарууга өткөнүбүздөгү, эң чоң  катачылыгыбыз – акчаң болсо , бандит болсоң да, акмак болсоң  да, даңгыт болсоң да, сойку болсоң — депутаттык кресло сеники болуп калган. Айрым депутаттардын деңгээлин көрүп эле жатабыз. Орустар айткандай “плинтустан да төмөн”. Анан бул эмитен жарым жылаңач болуп эл алдына чыгып жүргөн жеңил ойлуу кыздар элге  кыйратып кызмат кылып бермек беле?! Ачуу чындык ушундай, көп эле мамлекеттерде айрым сулуу кыздар депутаттыкка жана башка «майлуу» кызматтарга төшөк аркылуу жеткен далилдер бар. Бизде андай кыздар жокпу?! Баса, береги сүрөттөр super.kg сайтынан алынды.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here