Британия полициясы Манчестердеги жардырууда 19 киши мерт кетип, 50 чамалуу адам жараат алганын билдирди. Жардыруу 22-майда Манчестер шаарындагы концерттик аренада америкалык поп-жылдыз Ариана Гранденин концерти бүткөндө болду.

Жардыруунун себеби азырынча белгисиз. Бирок жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, полиция муну терракт катары сыпаттоодо.

BBC полицияга шилтеме кылып билдиргендей, жардыруу болгон жерден алыс эмес жайдан экинчи жардыргыч зат табылган. Саперлор иштеп жатышат. Концерттик стадионго жакын аймактарда аскерий полиция күзөттө турат. Жакын жердеги темир жол бекети жабык.

a Европадагы эн чоң концерттик стадион. Ага 22 миң киши батат. Ариана Гранденин концертинде аренага киши жык толгон.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here