Чагылган: Окуя Кытайдын Циндао шаарында болгон.  5 жаштагы баланы ата-энеси үйгө жалгыз таштап койгон.  Бала ата-энесинин чогулткан акчасын таап алган. Башында ал акчалар менен жөн эле ойноп жаткан, кийин, майдалап таштаган.

Баланын атасы, Гао аттуу бизнесмен үйүнө келип, майдаланып калган акчаларды көрүп, акчаны алып жакын жердеги банкка баргандыгын Vesti.ru. жазат.

Ал жактан ага, жаңы акчага алмаштыруу үчүн, акчаларды бириктирип чыгуу керектигин айткан. Гао алгач 100 юандыктарды бириктирип чаптай баштаган.  Бир аздан кийин, ал бул мүмкүн эмес экенин түшүндү. Себеби, кээ бирлери такыр эле гүл майда болуп калган эле.

Акчанын көп бөлүгү өтө майдаланып, анан да аралашып калган. Жыйынтыгында, Гао акчанын аз эле бөлүгүн чаптаганга жетишкен.

Анын айтымында, ал баласын бул кылыгы үчүн анча жазалаган эмес, анткени, бала эмне кылып атканын түшүнгөн эмес.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here