Керектелүүчү азыктар: лимон, суюк бал

Даярдоо ыкмасы (Бир жолкуга): Чуңкур идишке 2 кашык балды салабыз да, ага жарым лимондун ширесин балдын үстүнө сыгып алабыз. Анан шашпай аралаштыруу зарыл. Колго, бетке, анан моюнга шыбап коөбуз. Масканы көздүн тегерегине тийгизбөө керек. Тегиз сүйкөлүп бүткөн соң, 15-20 мүнөт кыймылдабай отуруу зарыл.

Андан соң жылуу суу менен жууңуз. Бетти жышып жуубаңыз. Ал териге зыян. Бет жылуу суудан кийин, сөз жок муздак суу менен чайкалышы зарыл. Себеби, суунун темпратурасы бул учурда карама-каршы болуп кан айланууну жакшыртат. Андан кийин түндө колдонуучу бет май сүйкөп коюңуз.

Эскертүү: Бул масканы цитрус өсүмдүктөрүнө аллергиясы бар адамдарга колдонууга болбойт.

Кошумча маалымат: Балдын пайдасы, бетке жаңы түшүп жаткан бырыштарды жоготот.


 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here