Чагылган:Ирандын учурдагы Президенти Хасан Роухани президенттик шайлоодо кайрадан оозуп чыгып, президент болуп экинчи ирет шайлангандыгын Associated Press  Ирандын ИИМнин маалыматына таянып жазып чыкты.

ИИМдин маалыматы боюнча, Роухани 59% добуш алган б.а. ага 22 млн 800  адам добуш берген. Андан кийин Эбрахим Раиси калктын 39%нан (15 млн. 452 миң) колдоо тапкан.

Шайлоого жалпы 40 млн. ирандык катышып, милдеттүү шайлоочулардын 70% катышкан.  Биринчи турда жеңүүчү талапкер, 50%дан жогору добуш алуусу керек.

Белгилегендей, шайлоо участкалары шайлоочулардын көптүгүнөн иш күнүн бир нече жолу созгонго мажбур болгон.

68 жаштагы Иран президенти либералдык жаңыланууну карманып, көбүрөөк саясый эркиндикке жол ачып, башка мамлекеттер менен мамилени жакшыртууга сөз берүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here