Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчилери кандай жакшы иш алып барса, ал жактагы мекендештерибиздин маселелерин убагында чечүүгө жардам берсе, албетте ал өлкөгө жүзүбүз жарык болот, эки өлкөнүн алакасы күчөйт. Бул жолу өз ишин ийгиликтүү алып барып жаткан Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Эринес Оторбаев мырза менен элчиликтин алып барып жаткан иштери, жетишкендиктери, Германияда жүргөн биздин жарандарыбыз туурасында кенен маектештик.

Саламатсызбы Элчи мырза, дипломатиялык карьераны тандап алууңузга эмне себеп болду?

— Саламатсызбы! Мен 1990-жылдардын башынан баштап Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин системасында иштеп келе жатам. Кесибим немис тили менен байланышкандыктан, Министрликтин системасында Германия менен кызматташуу маселелери тармагында иштедим. Менин немис тилин кесип катары тандап алышыма Кыргызстандагы немистер таасир берди десем болот. Бала кезден немис достор менен чогуу өсүп, чогуу мектепке барып жүрдүм. Белгилүү болгондой, мурда Кыргызстанда 100 миңден ашуун немецтер жашаса, азыр бизде алардын 8000 ден  ашууну жашайт. Кыргызстандык немистердин биздин өлкөбүзгө кошкон салымы зор. Биздин Элчилик Германияда жашап жаткан кыргызстандык немистер менен тыгыз байланышта болуп турат.

—Элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар менен бөлүшсөңүз.

—Кыргызстан менен Германиянын ортосунда кызматташуу өзгөчө мааниге ээ. Быйыл 3-февралда эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулганына 25 жыл толду. 1992-жылы Германия Федеративдүү Республикасы алгачкылардан болуп, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн таанып, Бишкек шаарында өзүнүн Элчилигин ачкан. Андан көп узабай, Кыргызстандын Германиядагы, алгач Бонн шаарында жана кийин Берлин шаарында Элчилиги түзүлгөн. Бүгүнкү күндө биздин Элчилик, Кыргызстандын Германиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү катары, кыргыз-немис мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү боюнча иштерди жасап келет. Элчилик Берлин шаарында жайгашкан, андан тышкары Бонн шаарында Элчиликтин бөлүмү жана Франкфурт-на-Майне шаарында Консулдук агенттик жайгашкан.

—Сиздин оюңузча кыргыз-немис мамилесинин өнүгүшү үчүн кайсы багыттар келечектүү?

—Кыргызстан менен Германиянын ортосунда бардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ. Себеби Германия Европадагы жана дүйнөдөгү экономикасы жактан эң күчтүү, саясый өнүккөн жана эл аралык аренада кадыр-барктуу мамлекеттердин бири болуп саналат. Ошондуктан, Кыргызстан Германия менен кызматташууга абдан кызыкдар.

Германиянын парламентаризм боюнча көп жылкы тажрыйбасын эске алып, Германия менен парламенттер аралык тыгыз байланышты жүргүзсөк болот. Германиянын парламентаризм системасы бизге абдан кызыктуу жана керектүү. Айта кетсек, Германиянын Бундестагында Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча депутаттык топ түзүлгөн. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Германия менен кызматташуу боюнча достук тобу бар. Эки өлкөнүн парламенттеринин ортосунда ар кандай өз ара иш-сапарлар жана жолугушуулар ийгиликтүү ишке ашырылып келет. Жакында эле, 28-мартта Берлин шаарында биздин Элчилик Германиянын жаратылышты коргоо уюму менен бирге, кыргыз-немис парламенттик кечесин уюштурду. Бул кече быйыл Бишкекте август айында боло турган Илбирсти коргоо боюнча Глобалдуу форумду өткөрүүнүн алкагында болду. Кечеге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Назаров жана А.Алтыбаева жана Германиянын Бундестагынын депутаттары катышышты.

Андан тышкары, Германия менен Кыргызстандын ортосунда билим берүү тармагындагы ийгиликтүү кызматташууну улантса болот. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда тыгыз байланыштар түзүлгөн. Мисалы, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде кыргыз-герман техникалык институту ачылган. Бул институт Берлин шаарындагы Бойт жогорку техникалык институту менен биргеликте, кыргызстандык студенттерди Германияда жана германиялык студенттерди Кыргызстанда окутуу иштерин жүргүзүп келишет. Ошондой эле, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетиндеги кыргыз-герман информатика факультети Цвикау шаарындагы Батыш-саксониялык университет менен кызматташат.

Мектептер аралык кызматташуу жакшы жолго коюлган. Кыргызстандык 8 мектеп германиялык мектептер менен шериктик программасы боюнча иштешет. Келечекте Германия менен экономикалык, өзгөчө айыл-чарба тармагында карым-катнаштарды өнүктүрүү биздин мамлекет үчүн маанилүү. Биз азыр ушул маселенин үстүндө тыгыз иштеп келе жатабыз.

— Акыркы жылдардагы кыргыз-немец мамилесине кандай баа бересиз?

—Акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу эң жогорку деңгээлде ишке ашырылып келет. Кыргызстанда 2010-жылы болуп өткөн саясий өзгөрүүлөрдөн кийин Германия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер жанданды десек болот. Германия биздин мамлекетибиздеги демократиялык жетишкендиктерди абдан кызыгуу менен карап, ар тараптуу жардам берип келет.

Эки өлкөнүн ортосунда кош тараптуу мамилелерди өнүктүргөн бир катар өз ара маанилүү иш-сапарлар болду. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германияда 2012, 2015 жана 2017-жылдары иш-сапары менен болду. Аталган иш-сапарлардын учурунда Мамлекет башчыбыз Германиянын мурдагы Федералдык Президенти Йоахим Гаук, Федералдык Канцлери Ангела Меркель менен жолугушуп, кош тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

2016-жылы июлда Германиянын Федералдык Канцлери Ангела Меркель, Президентибиз А.Атамбаев менен убадалашкандай, Кыргызстанда биринчи жолу расмий иш-сапары менен болду. Бул иш-сапар тарыхый мааниге ээ жана бир жагынан, дүйнөлүк лидерлердин бири тарабынан кыргыз элинин демократиялык жолдон тайбастык эркин таануу катары жана ошондой эле экономикалык байланыштарды жаңы деңгээлге көтөрүү максатында болду.

Ошондой эле өткөн жылы Германия Федеративдүү Республикасынын мурдагы Тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер жана Тамак-аш жана айыл чарба министри Кристиан Шмидт Кыргызстанда иш-сапары менен болушту жана кош тараптуу маселелерди талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 2016-жылы Германияда болуп өткөн Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу уюмунун алкагындагы иш-чараларга ийгиликтүү катышты. Аталган жогорку деңгээлдеги иш-сапарлардын жыйынтыгы келечектеги кыргыз-немис кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө кеңири жол ачат деп ишенем.

—Эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык байланыштар бүгүнкү күндө кандай деңгээлде?

—Эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн бардык шарттар бар десек жаңылбайм. Экономикалык тармактагы тийиштүү келишимдерге кол коюлган. Германиянын Кыргызстанда бир катар компаниялары иштеп жатат. Мисалга алсак, Токмок шаарындагы «Интергласс» айнек заводу, «Штайнброй» ишканасы ж.б. бир катар биргелешкен кыргыз-немис ишканалары бар. Андан тышкары, Германиянын белгилүү «Knauf» жана «RID» компаниялары Кыргызстандын рыногунда иштеп жатат. Жыл сайын Бишкекте өтүп жаткан «Айыл-Агро» эл аралык айыл-чарба көргөзмөсүнө германиялык «Кронен», «Клаас» ж.б. компаниялары катышып келишет. Кыргызстандык айыл-чарба ишканалары Берлинде жыл сайын өтүп жаткан «Жашыл жумалык» эл аралык айыл-чарба көргөзмөсүнө, «Базар-Берлин» кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө, ошондой эле башка эл аралык көргөзмөлөргө катышып келе жатышат. Туризм тармагын өнүктүрүү максатында, Кыргызстандык 10 ашуун туристтик компаниялар жыл сайын Берлинде өтүп турган «ИТБ-Берлин» туристтик эл аралык көргөзмөсүнө катышып келишет. Андан тышкары, Элчиликтин демилгеси боюнча кыргызстандык айыл-чарба өндүрүүчүлөргө Германиянын тажрыйбасын алуу иштери уюштурулуп турат.

2015-жылдан бери Кыргызстан Европа Биримдигинин «ВСП+» преференция системасына киргизилген. Ошондой эле Кыргызстандын Евразия экономикалык шериктештигине мүчө болушу биздин рыноктун кеңейишине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берди. Жалпысынан алсак, азыркы учурда экономикалык мамилелер жаман эмес, бирок, келечекте мындай кызматташууну күчөтүү Элчиликтин башкы максаттарынын бири болуп саналат. Баса белгилей кетчү нерсе, 2017-жылдын март айында Бишкекте Германиянын экономика күнү экинчи ирет өткөрүлдү жана ага Германиянын  Экономикалык өнүктүрүү жана кызматташуу министрлигинин Статс-катчысы Ханс-Йоахим Фухтель баштаган бир топ германиялык ишкерлер тобу катышты. Азыркы учурда, биздин эки өлкөнүн лидерлеринин бир катар жолугушууларынан кийин, экономикалык тармакта инвестицияны жогорулатуу максатында иштер каралып жатат.

Айта кетсек, Германия Кыргызстандын эң ири донорлорунун бири. 1992-жылдан бери Кыргызстанга Германия тарабынан финансылык жана техникалык кызматташуу тармагында 306,0 млн. евро берилген. Каражаттар негизинен экономика жана саламаттыкты сактоо тармагындагы ар кандай долбоорлор аркылуу жумшалып жатат.

—Кыргызстандын маданиятын барган өлкөдө жайылтуу тармагында кандай иштер аткарылып жатат?

—Кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын Германия жергесинде жайылтуу максатында Элчилик Германияда болуп турган ар кандай маданий иш-чараларга катышып турат. Кыргыздын жасалгалуу боз үйүн тигип, жыл сайын Бонн шаарынын Мэриясы менен маараке өткөрүлүп турат. Жыл сайын март-апрель айларында Потсдам шаарында германиянын жараны М.Михельдин 3 боз үй тигилген «Көчмөндөр шаарчасында» Кыргыз-немис маданий коому менен биргеликте «Нооруз» майрамдалат. Жылына Кыргызстандагы ар кандай майрамдарга жана белгилүү мааракелерге карата «Нооруз», «Жаңы жыл», Айтматов кечеси ж.б. Элчиликтин жана Германиядагы кыргыз диаспорасынын жана «Кыргыз-немец маданий коомунун» колдоосу менен өткөрүлүп турган мааркелерге немис достор дагы келишет жана аларга биз кыргыздын маданияты менен тааныштыруу максатында кеңири маалымат беребиз. Мындай мааракелерге кыргызстандык белгилүү ырчы-акындарыбыздын келиши алыста жүргөн кыргыз жарандарына ар дайым жаркын маанай тартуулайт. Кино тармагын алсак, быйыл Кыргызстандагы белгилүү кинорежиссер Актан Арым Кубаттын «Кентавр» аттуу фильми Берлин шаарында болуп өткөн дүйнөгө белгилүү «Берлинале» конкурсунда сыйлыкка ээ болду.

2016-жылы Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу Германияда тийиштүү маалымат таркатылды жана бул оюн тууралуу Германиянын борбордук каналында атайын чыгарылыш болду.

—Германияда жүргөн кыргызстандыктар, башка өлкөлөрдө жүргөн биздин мекендештирибизге салыштырмалуу сиздерге көйгөй жаратпаса керек. Ошентсе да, алардын укугун жана кызыкчылыктарын коргогон учурлар кездешеби? Илим, билим менен алектенген кыргызстандыктар менен байланыш барбы?

—Албетте, биздин кыргызстандык жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана алар менен тыгыз байланышта болуу биздин Элчиликтин башкы милдеттеринин бири. Германияда кыргыз жаштары көбүнчө жогорку окуу жайларда билим алышат же бир жылдык бала багуу жана немец тилин үйрөнүү программасынын алкагында (программа «Au-Pair») жана социалдык иштер менен алектенишет. Андан тышкары, Германиялык ДААД программасы боюнча жыл сайын 70-80 кыргызстандык жаштар Германиянын жогорку окуу жайларында окуу жана илимий иштерди жүргүзүү үчүн стипендияларды алышат. Биз кыргызстандык жаштарыбыз менен сыймыктансак болот, себеби алар дүйнөдөгү эң алдыңкы мамлекеттердин бири болгон Германияда окуп жана иштеп келишет. Алардын ичинде Германиядагы ири банктарда, компанияларда жана окуу жайларда иштегендери бар. Келечекте алар өз билимин жана тажрыйбасын Кыргызстанды өнүктүрүүгө жумшайт деп ишенебиз.

Кыргызстандын жарандары менен иш-алып барууда Элчилик Германияда түзүлгөн кыргызстандыктардын «Kyrgyz Club Germany», «Кыргыз-немис маданий коому», «Кыргыз ордо» коому менен тыгыз иш алып барат. Алар менен биргеликте Элчилик ар кандай маданий, спорттук жана башка иш-чараларды өткөрүп келе жатат. Мындай жолугушууларга Германиядан гана эмес, Германиянын коңшу мамлекеттеринен дагы келишет (Чехия, Австрия, Голландия ж.б.). Ушул жылдын 20-майында Берлин шаарында Элчилик тарабынан жыл сайын уюштурулуучу Элчинин кубогуна арналган кыргыз жаштарынын футболдук турнири болот. Азыр биз бул иш-чарага даярдыктарды көрүп жатабыз.

Германиянын жергиликтүү мыйзамдарынын жана виза алуу тартибинин катуу болгондугуна байланыштуу, кыргызстандык жарандардын арасында визалык жана башка тартиптерди бузуу учурлары жокко эсе. Бирок, тартип бузуулар болгон учурда, Элчилик тезинен жана квалификациялуу жардам берүүгө аракет кылат. Мындай тартип бузууларга жол бербөө үчүн Элчиликтин консулдук кызматкерлери жогоруда аталган кыргызстандыктар менен болгон ар кандай жолугушууларда тийиштүү консулдук консультацияларды берип турушат.

—Элчилер, дипломатиялык кызматкерлер барган өлкөнүн тилин билиш керек деген талап бар эмеспи. Сиз канчалык деңгээлде немис тилин өздөштүргөнсүз?

—Менин башкы кесибим германист болгондуктан, мен тил жана өлкөнү таануу жагынан керектүү билим-тажрыйбаны өздөштүргөнгө өзгөчө көңүл буруп келгем. Менин бүгүнкү ишиме Германия менен иштеген көп жылдык иш-тажрыйбам дагы жардам берип келет. Өзүмдү өзүм баалаган туура эмес болоор. Немец тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүп алганмын деп ойлойм. Айта кетсем, республикабыздын Тышкы иштер министрлигинин курамында тажрыйбалуу германист-дипломаттар иштеп жатышат.

Маектешкен Төлөбүбү Касымалиева

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here