Чагылган: Бүгүн Бишкекте  «Үй-бүлөнү пландоо» боюнча өткөн жыйында Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандагы окуучулардын (окуучулук куракта) он пайызы, ал эми ЖОЖдордо окуган кыздардын 30 пайыз жыныстык катнашка барышарын билдирди. Ал 30 пайыздын ичинен 64 пайызы жыныстык катнаш мезгилинде талапка ылайык каражаттарды колдонушпайт экен. Ал эми 15,2 пайыз кыздар аборт кылдырышат. Абортка кайрылган кыздардын  3-4тө каза табары айтылды. Мына сага! Бул чындыкка жакын маалымат экенин эч ким тана албаса керек. Анткени, акыркы жылдары жаштарда ыйман маселеси төмөн деңгэлге түшүп кеткен белгилүү. Андыктан, эң ириде ыйман гана тилешеибиз зарыл болуп турат.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here