Чагылган: Дүйнө жүзүнө белгилүү актёр, 69 жаштагы  Арнольд Шварценеггер «Терминатор» тасмасынын алтынчы бөлүгүнө тартыларын шардана кылды. Шварцнеггер бул кинонун 1 бөлүгүн 1984-жылы тартып, укмуш чоң атактуулукка жеткен айтылуу режиссер Жеймс Кэмерон менен кездешип, экөө «Темрминатордун»  уландысын тартуу боюнча маселени сүйлөшүшкөн.  Ошондон кийин Арнольд: «Фильм кайрадан экранга чыгат. Ага мен тартылганы жатам. Кэмерондун жакшы идеялары бар экен», — деп актер Канн кинофестивалында билдирген. Бул фантастикалык кинонун 5-бөлүгү эки жыл мурун тартылган. Ал киного 155 млн. доллар (мындан ытшкары рекламага 50-100 млн. долларга чейин кеткени айтылат) сарпталып, кассадан жалпысынан 440 603 537 доллар түшкөн.

Жетимиш жашты желкелеп турган атактуу актёр жакында эле  орус режиссёрунун «Вий»  деп аталган киносуна белгилүү актёр Джеки Чан менен бирге тартылды. Бул кино көрөрмандарга быйыл тартууланары айтылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here