Кечээ саясатчы Турсунбай Бакир уулунун ФБдагы баракчасынан алынып, биздин сайтка жарыяланган:  “Аялдар жалаптай болбой, менин эркектигиме кызыкпай төшөктө жана жашоодо күйөөңөрдүн ыраазычылыгын издегилечи” — деген аталыштагы макаланы миңдеген адамдар окуп, ФБдан бери жагы миңден ашуун адам ар кандай пикирлерин жазышты. Ал пикирилердин басымдуу бөлүгү ажы-саястчыга катуу сын айтылгна,ал тургай арасында каргап -шилегендери да бар. Ал эми бүгүн Дариха Ишанова деген ФБ колдонуучусу өз баракчасына Бакир уулунун дарегине буларды жазды:

-Турсунбай Бакир уулу деген моджахед же ИГИЛ же ким экени түшүнүксүз ажыккыз бар. Фейсбукта баары менен урушуп эле басып жүрөт. Урушпаган кишиси калбаса керек. Ал, акылынан айнып калгандай радикал. Өзүн исламчыл, ажы деп эсептейт. Бирок, мунун чыныгы жүзү бөлөк. Чыныгы ажы, мусулманчылыктын үлгүсүн Кимсанбай ажы, Чубак ажылар көрсөтөт. Аларга Аллах ыраазы болсун. Анан бул бузук Бакир Уулу Турсунбай деген аңги оозуна келгенди оттоп, дөөрүп алжып калыптыр. Кыргыз аялдарына асылып.
Э Жараткан, ушул Турсунбай Бакир уулунуп пейлин оңдой көр.
Сүйлөсө ислам баалуулуктары жөнүндө кеп кылат. Кыздарды бузган ушул Турсунбайга окшогон педофилдер го? 16 жаштагы бир Нуриза беле, наристе кезинде аялдыкка алып, аны төрөтүп туруп таштап басып кетти. Алган аялдары менен туруктуу жашабайт. Өзүнүн аңгилигин, өзү айткандай жалаптыгын тыя албаган бузуку.
Кыргыз аялдарынан айланып кеткир педофил.
Сендей акылынан айнып, карыганда небересинен кичүү кыздарга аңчылык кылгандан Кудай сактасын. Сен бузук эмей кимсиң? Өзүңдөн 35 жаш кичүү кыздын башын айлантып алып, качан болсо жаш кыздарга көз артып жүрөсүң. Кыргыздын аксакалдары сендей бузук эмес. Тилиңди тартып сүйлөгүн аңги Турсунбай. Кыргыз аялдарынан кечирим сура. Сендей артыкбаш педофил бузукунун жүзүн элибиз жакшы билип калды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here