Убагында Владимир Пресняков менен Кристина Орбакайтенин жылуу мамилесине бүткүл Оруссия суктанчу. Жаштар, Пугачеванын кызы 17 жашынан  баштап бирге жашай баштап, уулду да болушкан. Бирок, жаштыгына карабай, эң сонун бири-бирин сүйгөн түгөйдөй ой калтырышкан.

Башында чынында ушундай болгон. Бирок, бара-бара мамилелер бузула баштаган жана арадан 11 жыл өтүп жылдыздар ажырашуу чечимин кабыл алышкан. Ошентсе. да, ажырашуу экөөнө тең кыйын болгон. Башында Владимир кетип, кайра келген. Кийин, Крестина уулун алып, жарандык никедеги күйөөсүнө кеткен, деп жазат «Комсомольская правда».

Пресняков, «Миллиондук сыр» телеберүүсүндө, ошондо ажырашууга аябай сарсанаа болгондугун айткан. Андай кыйналуудан кутулуу үчүн алкоголго өткөн. Ажырашкандагы күнөөнү ал өзүнө алат. Музыкант ошол жылдары башка адам болгондугун, ошону менен катар көңүл ачканды жактырып, анын ичинде башка аялдар менен дагы жүргөндүгүн моюндады.

«Бизде уктабай чыккан «тусовкалар» болчу. Бир нече бөтөлкө коньяк ичсек да мас болбочубуз. Лена Агутина экөөбүз таңды Воробей тоолорунда тоскон күндөр болгон. Мунун баарына Крестина чыдады.Албетте, башка аялдар да болгон. Бул Кристинанын жанына батчу, бирок, прибалтикалык кан өзүнүкүн бербей, мага эч качан эч нерсе айтуучу эмес», — деп өз өмүрүн баяндап отурду Владимир Пресняков.

Кристина ошол маалда ырчылык карьерасы менен алпурушуп жаткан. Бул да алардын мамилесине таасир эткен. Пресняков аялын сахнадан кызганып, ызы-чуу да чыгарган. Ага карабастан, алар жакшы мамилесин сактап калышкан.

Азыр музыкант Наталья Подольская менен бактылуу никеде. Түгөйлөр 12 жылдан бери бирге, 1,5 жыл мурун Артем аттуу уулду болушкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here