Чагылган: Кытай мамлекетинин таасири бир гана Кыргызстанда эмес, бүт дүйнөдө барган сайын улам жогорулап баратканы талашсыз. Керек болсо мен деген державалар Орусияда, АКШда кытайлар  улам көбөйүп, улам сиңип, өз билгенин кылып жатышат. Ал эми бизде болсо кытайлар 1990-жылдардан тарта эле агылып келип, кыздарыбызды чекесинен чертип ала башташкан. Бүгүнкү күндө да кытайларга тийген жеңил ойлоуу кыздардын саны арбын. Маалыматтарда кытайдан төрөлгөн жээндерибиздин саны 250 миңге чейин жеткени айтылат. Ал эми жеп ичкенибиз, кийгенбиз, күнүмдүк оокатыбыз, мамлекеттик карызыбыз,  базарыбыз, сахарыбыз, айтор, баары баары кытайлардын өндүргөн товары экени талашсыз. Уялбай айтабыз анан, кытайлар жок болсо кантип оокат кылмапкпыз деп. Кытай болсо, күндө бизди экономикалык, саясый ж.б. жактардан жипсиз, чынжырсыз туткундап жатат. Бийлик дагы, атка минерлер ар айым Кытайга жагалданып, жактап турушат. Анткени миллиондогон, миллиарддаган доллар берип жатса, анан аны келемиштей болуп уурдап жеп жатышса…. эл менен эсептешмек беле.. Намыстанбай койдук.

https://www.youtube.com/watch?v=RdKWEoodvzY&feature=youtu.be

Колтугубузду кең ачып, кыздарыбызды берип жатабыз.  Береги эки тасмада, кытайлар тууралуу жакшы, эң таамай айтылган. Бири тамашочу жигиттин таамай так айтканы, экинчиси акындын жүрөгүнөн чыккан ачуу чындык.

https://www.youtube.com/watch?v=xKSE1dTIsFw&feature=youtu.be

Жакышлап көрөлү да, кичине болсо да жыйынтык чыгаралы. Улутчул бололу, намыстуу бололу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here