Чагылган: Алматыда рейддин жүрүшүндө кармалган сойку кыздар, журналисттерге каяктан келгендигин жана бир суткада канча акча табарын айтып беришти.
Наурызбаев районунун полициялары «Учет» аталган рейдде, шаардык мейканалардын биринде интим-кызмат көрсөткөн кыздарды кармады. Бул тууралуу кабарлайт.
Кармалгандардын эң кичүүсү 20 жашта болсо, эң чоңу 32 жашта. Арасында Түштүк Казакстандан келген эже-сиңди да бар.
Коммерциялык секстын өкүлдөрү, мейманканадан өздөрү номер жалдап, акчага кардар тейлегендерин жашырбайт. Бааларын да айтып беришкен.
— Бул мейманканага келгениңе канча болду?
— Эки ай
— Кызматыңар канча турат?
— Беш миң
— Суткасына канча табасыңар?
— Жыйырма…
-Мейманкананын админстраторуна тапканыңардын канчасын бересиңер?
— Жок, биз болгону номер жалдайбыз.
Түнкү көплөктөрдүн төртөө Түштүк Казакстандык, үчөө Өзбекстандык болуп чыгышты. Өздүгүн тактаган соң, өзбек кыздарды таратуучу бөлүмгө жеткирет.
Бардык укук коргоо органдары катышкан аталган рейд Алматада 25-майга чейин уланат. Казактар министри баш болуп биздин кыздарга сын тагышса кыйын. Сын тагардан мурун алгач өздүрүнүн кыздарын ыйманга чакырып алышсын дейли да, кыздарыбызга ыйман тилейли.