Чагылган: Азербайжанда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында элибиздин эркин күрөш боюнча  балбан кызы Айсулуу Тыныбекова эки атаандашын жеңип, финалга чыкканын бир нече саат мурун кабарлап, каалоо айттык эле. Эми эңсегенибиз ордунан чыгып,  финалдан Ажербайжан балбаны Алена Колесник менен  таймашып, аны 5:2 эсебинде утуп, алтын медал тагынды. Балбан кызыбызды биз да кызуу куттуктайбыз. Ар дайым ушинтип, мамлекетибиздин туусун чет мамлекеттерде, чоң мелдештерде бийик желбиретип, элибиздин эң сүйкүмдүү, эң сыймыктуу кыз болуп жүрө беришен тилектешипиз.

Ал эми дагы бир балбан кызыбыз Айпери Медет кызы коло медалдын ээси болду. Ал казак, түрк жана азери балбандарынан утулуп калган. Египет балбанын жеңип, коло медалга ээ болду. Айперини да куттуктайбыз! Бул кызыбыздан да келечекте  үмүтүбүз чоң!

Бакуда өтүп жаткан бул чоң мелдеште Кыргызстандын эсебинде эми төрт алтын, төрт  күмүш, жети коло медал чогулду. Жалпы 14 байге менен медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 11-катарда бара жатканын мурун кабарлаганбыз.

12-майда башталган IV Ислам шериктештиги оюндары 22-майда аяктайт. Ага 54 мамлекеттен 3000ге жакын спортчу катышууда. Алар спорттун 23 түрүнөн 269 топтом медал үчүн таймашууда. Кыргызстандан спорттун 11 түрүнөан 68 спортчу күч сынашат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here