Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев чет мамлекеттерде билим алуу үчүн Кыргызстанга берилген квоталар ачык бөлүнбөй жатканын айтып чыккан.

Акаев Венгрияга окууга сынак тапшырган балдардын документтери жиберилбей, тизмеге чиновник, депутаттардын уул-кыздары кирип калганына нааразылык билдирген.

Кыргызстандан чет жактагы жогорку окуу жайда окууга мамлекеттик квотадан орун алгандар кантип тандалат? Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Сарбагышева «Азаттыкка» маек курган.

Анда журналисттин : Жогорку Кеңеш депутаты Жанар Акаев Венгриянын жогорку окуу жайларына жалаң чоңдордун балдары тандалып алыптыр деп айтып жатат…» — деген суроосуна, Сарбагышева: Мында мен кайра өзүңүздөргө суроо узаткым келип турат. Эмненин негизинде биз аткаминерлердин, ошол эле депутаттардын балдарын сынакка катыштырбай коё алабыз? Бул Кыргыз Республикасынын жаранынын конституциялык укугунун түздөн-түз бузулушу болуп калмак. Сынактын бардык катышуучулары жалпы жана бирдей сыноодон өткөн», -деп жооп кайтарган.

“Азаттык”: Депутат айтып чыккандан кийин сынакка келгендер кимдин балдары экен деп кызыгып көргөн жоксуздарбы?

Сарбагышева:  — Билесизби, биз үчүн мунун эч кандай кызыгы да, мааниси да жок. Биз андай маалыматты сурабайбыз. Бизге баланын билим деңгээли, анын жарандык позициясы, өз өлкөсүнө жардам берүүгө умтулуусу жана албетте сырт жакта окууга эмне үчүн кызыгып жаткандыгынын мотивациясы маанилүү», — деген жообун берген.

Маектин жыйынтыгында , министрлик сынакка катышкан студенттердин тизмесин жарыялап, бирок чиновниктердин балдары тууралуу маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here