Чагылган: Азербайжанда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык эркин күрөш боюнча  балбаны Айсулуу Тыныбекова эки атаандашын жеңип, финалга чыкты.  Ал биринчи атаандашы түрк балбанын 14:6 эсебинде, экинчи атаандашы да түрк балбанын 10:0 менен утту. Эми Ажербайжан балбаны Алена Колесник менен Бишкек убактысы боюнча кечки саат 8де алтын үчүн беттешет. Айсулуу балбан кызыбызга биз да жеңишти каалайбыз!

Кыргызстандын эсебине үч алтын, төрт күмүш, жети коло медал чогулду. Жалпы 14 байге менен медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 11-катарда бара жатат.

12-майда башталган IV Ислам шериктештиги оюндары 22-майда аяктайт. Ага 54 мамлекеттен 3000ге жакын спортчу катышууда. Алар спорттун 23 түрүнөн 269 топтом медал үчүн таймашууда. Кыргызстандан спорттун 11 түрүнөан 68 спортчу күч сынашат.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here