2017-жылдын март айына карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 млрд. 160 долларды түзүп, жаңы рекорддук чекке жетти. Жыл башынан бери карыз 155 млн. долларга көбөйгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдоодо.

Мамлекеттик карыздын ичинен тышкы карыз 3 млрд 803 млн доллар, ал эми ички карыз 356,8 млн доллар.

Кыргызстан карыздар болгон уюмдардын башында Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы турат. Аталган банктан 1,54 млрд доллар карыз алынган. Бул тышкы карыздын 40,6% түзөт.

2016-жылы мамлекеттик карыз өлкөнүн ички дүң продукциясынын 57,7% түзгөн. Өткөн жылы Кыргызстан мамлекеттик карыздан кутулуу үчүн 20,7 млрд сом сарптаган. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here