Чагылган: Бул окуя 2012-жылы болуптур. 24 жаштагы кыз үйүн кирип келген мас кошунасын кууп чыгам деп, аны жини менен бычактап салган. Бул катасын эч кимге айтпай, маркумду огородуна көмүп салган. Бир жылдан кийин, 40 жаштагы айылдаш аялды сууга чөгүп бараткан жеринен сактап калган эрдиги үчүн Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ксенияны “Өзгөчө кырдаалда көрсөткөн баатырдыгы үчүн” деген төш белги менен сыйлаган. Ошондон кийин, бул кыз көпчүлүктүн оозуна илинип, бир топ мактоого татыган. Бирок мас кошунасын өлтурүп алган кылмыш аны абийирин тынч койгон эмес. Ал тууралуу 5 жыл бою эч кимге айткан эмес. Бир ирет досу менен арак ичип жатып, ачык айтып коёт. Бул кылмышы милицияга угулуп, жакында эле Ксения Шестоперованы 7 жылга соттошту. Ксения киши өлтүрүп алгандан кийин, башынан бир топ кыйынчлыкты өткөрдү. Ата –энеси удаа-удаа каза таап, өзү турмушта жолу болбой, ичип кеткен. Адамдын каны кое бербейт деген ушул эмеспи.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here