Чагылган:  Бир караганда сөөк, кандайдыр бир кичинекей динозаврдын элесин берет. Бирок, бул эмне экендиги белгисиз.

Айылдын тургундары, мурда мындай жандык көрбөгөндүгүн, таппагандыгын айтышууда. Бул кызыктай табылганы айыл тургуну Мурвет Гулиев үйүлгөн таштардын арасынан тапкан. Негизи аталган айылда, тыйын чычкан, чычкан, келемиш өңдүү кемирүүчүлөр көп эле кездешет. Бирок, бул алардын бирине да окшобойт.

Анын тырмактары жана тиштери бардык майда жандыктардан айырмаланып, өзгөчөлөнүп турат.

Азербайжандын Ибрагим Гаджили айылындагы табылган  бул өзгөчө табылга жергиликтүү элдин денесин бир жыйрылтып алды. Айылдын аймагында мумия менен катырылган белгисиз жандыктын сөөгү табылган. Бул тууралуу Азербайжан Спутник басылмасы жазып чыкты.

 

Учурда, аталган айылга табылган «чупакабраны» көрүү үчүн күнүнө ондогон, жүздөгөн адамдар келүүдө.

Бирок, жашоочулар бул белгисиз жандыкты изилдөө үчүн,  тийиштүү кызматтарга өткөрүп берүүнү көздөөдө. Эгер, элибиз унута элек болсо бизде да тогуз жолдун томунда жайгашкан Кочкордо да чупакабара табылды деп өзүнчө эле ызы-чуу болушкан. Кийин белгилүү болгондой, ал эч кандай чупакабра эмес экен. Ал бир шылуундардын эле чыгарганы. ал тургай айырм айыл өкмөттө аны жок кылууга акча бөлдүк дешип, уялбай айтып чыгышкан. Көрсө, ал акча сол чөнтөктөргө кеткен окшобойбу….

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here