Чагылган: Акыркы кезде казак коомчулугунда токол темасы көп талкуу жарата турган темалардан болуп калды. Мыйзам чегинде экинчи аял алууга тыюу салынганы менен, токол алгандардын жана токол болуп тийгендердин саны көбөйүп бараткындыгын NUR.KZ жазып чыкты.

Ушул өңүттө аталган порталдын кабарчысы казакстандыктар токол темасына кандай караарын Алматанын тургундарынан сурамжылап көргөн.

Алматылыктар да бул темада ар кандай көз карашты карманары белгилүү болду. Көбүнчө кыздар каршы болушкан. Ошентсе да, арасында экинчи аял болуудан эч кандай жаман жагын көрбөгөндөр болгон. Бирок, алар да жакындарынын каршылыгынан токолдукка жол бере албайт экен.

Бизде да бул тема акыркы кезде бир топ көтөрүлүүчү болду. Журналист Назира Бегимдин, «Чагылган» сайтына берген маегиндеги «эки аял алуу мыйзамын кабыл алуу керек» дегенин интернет колдонуучулар эки жааттуу талкуулашты. Көбүнчө 40 жаштын тегерегиндеги аялдар буга так секирип жатышты. Ал эми кээ бир эркектерге бул мыйзам майдай жагып, алкап да жиберишти.

Кыскасы, токол алуу маселеси Кыргызстанда деле актууладуу тема. Демек, бул маселени бара-бара мыйзамдаштырып койгон эле дурус окшойт. Себеби, кырыз элинин да, казак элинин да чырактай кыздары   өзгөчө акыркы  жылдары корейлерге, түрктөргө, кытайларга ж.б. улуттун өкүлдөрүнө көп тийип жатышат.  Анын кесепти улуттун нарктуулугуна, элдин салтына терс таасирин тийгизип келет. Маселен, 1990-жылдардан баштап Кыргызстанга тынымсыз агылып келип жаткан кытайлардын саны бүгүнкү күндө абдан көбөйдү, алдардын так санын азыр эч ким айта албайт.  Биздин кыздарыбызды четинен тандап алып жатышат. Кыздарыбыз да жеңил ойлуулук кылып, байлыкка кызыгып, ошолорго коюн ачышат. Маалыматтарда орто эсеп менен кытай күйөө балдардан туулган биздин жээндерибиздин эле саны 250 миңге чейин жетип калганын айтып жүрүшөт. Бул да бекер кеп эместир.  Эми ошолор бизге кыргыз болуп бермек беле. Накта жээн эл болбойт дегенди далилдешет да. Андыктан, эки элде тең токол алуу  ушул маселеден улам келип чыккан. Демек, колунда бар, токолун кошо кемитпей бага ала турган байларга мыйзам түрүндө уруксат берчү мезгил келип жетти окшойт. Ансыз деле, байлар жашырынып токол алып, баарыбир өз фамилияларын берип жаткан учурлар көп кездешип келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here