Чагылган: Авторитардык диктаторлорду бардык жагынан күнөөлөгө болот, бирок, бир гана тандаган аялдарын эч ким сындай албайт.

Бул аялдар — ишенимдүү, күйөөсүнүн акылдашы, кээде күйөөсүнүн чечимин жумшартканга да жарайт. Анан да булар сөз жок сулуулар.

Түндүк Кореянын канайымы —  Ли Соль Чжу

Эң жабык өлкө Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ында «күтүүсүздөн» биринчи канайым катары Ли Соль Чжу пайда болду. Буга чейин мамлекеттин лидерлери аялдарын эл алдына алып чыккан эмес. Аны менен катар эле Ли мекендештеринен кийинүү,өзүн  алып жүрүү жаатында дароо айырмаланып турат. Түндүк Кореянын аялдары костюм юпка кийип, өзүн токтоо алып жүрүү керек болсо, биринчи айым тизеден өйдө юпка, така кийип жана эл алдына күйөөсүнүн колунан кармап жаркылдап күлүп коет.

Жаш келинчектүү болгон Ким Чен Ын бир аз жумшарганы байкалган. Ал аялдарга шым , туфли  кийүүгө, сөйкө-шакек тагынууга уруксат берген.

Андан тышкары, Ли Соль Чжу Кореяда салтка айланган күйөөсүнүн атасынын жана чоң атасынын сүрөтү тартылган төш белгилерди тагынбайт. Бул демек, ага КИм Чен Ындан башка дүйнөдө бир сүйүктүү эркек жок.

Сириянын канайымы — Асма аль-Асад

Учурда, батыш жек көргөн президент Асаддын жубайы катуу сында калды. Мурда аны акылдуулугу, илим-билимдүүлүгү жана тандоо табитинин мыктылыгы менен баалап келишкен. Чындагында Асма аль-Асад европалашкан мусулман айым. Ал Лондондо төрөлүп, окуп, келечектеги жолдошу менен таанышып, 25 жашында гана 2000-жылы мекенине келген. Бирок, британдык жарандыгын сактап койгон.

2011-жылы ММКда анын айынан чоң жаңжал болгон. Америкалык Vogue Асма туурасында жакшы макала жазган (Асаддын пиарщиктеринин шарттамасы менен), бирок, бул макала укмуш жек көрүүнү жаратып, макала өчүрүп, авторун 30 жыл иштегенине карабай иштен айдашкан. Кийин ал журналист башка басылмада, «Тозоктун биринчи айымы» деген темада Асманы жамандаган макала жаза баштаганы менен кесиптештеринин шылдыңына чалдыккан.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here