Эки жыл мурун элге белгилүү ишкерди үйүнөн үч кыз карактап, бычактап кеткендиги тууралуу жаңылык таркаган. Көпкө чейин элдин талкуусунда, журналисттердин байкоосунда болгон окуя тууралуу эскергенимдин себеби — тор артына болгон бул жолку сапарымда каргашалуу окуяга шектелип камалган эже-сиңдилерге кезигип калдым. Жаштыгы абакта өтүп жаткан бир туугандар буларды айтып беришти.

Кепти жанаша отурган эже-сиңдилердин улуусу Гүлнара баштады:

– Ата-энебиз менен Таласта бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап жакшы турмушта жашачу элек. Ата-энебиз төрт кыз, бир уулду жарык дүйнөгө алып келип, тарбиялашкан. Эжем, сиңдим үчөөбүздү турмушка узатып, небере жыттап калышкан эле. Мен Казакстанга турмушка чыккам. Атамдан калган тукум улоочу жалгыз агабыз сыртка иштегени кеткен. Мен экинчи кызымды жаңы төрөгөн маалда атамдан айрылып калганбыз. Айылга барып атамды жерге берген соң ымыркайыма карап кыркына чейин күтпөй кетип калгам. “Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк” болуп жүрүп 2014-жылы үчүнчү кызымды төрөгөндөн кийин катуу ооруп калдым. Каттоом Кыргызстанда болгондуктан Бишкекке келип дарыланууга туура келди. Кара-Балтадагы кайнагамдын үйүндө жүрүп бир курс дарыландым. Экинчи курс башталгыча он күн эс алуу керек болуп Таласка ата-энемдин үйүнө баргам. Ошол маалда сиңдим Динаранын оозунан ак көбүк агып, өзү шишип ооруп калды. Аны тезинен ооруканага жаткырдык. Көрсө, сиңдим өзүнө-өзү кол салып дары ичип алыптыр. Экөөбүз жалгыз калганда себебин сурасам, баарын төкпөй-чачпай айтып берди. Угуп алып башка чапкандай болуп бир ишенсем, бир ишенбей олтуруп калдым. Көрсө…

Гүлнара кебин андан ары улай албай мукактанып калды. Динара кепке ушул жерден аралашты:

– Мени дары ичүүгө аргасыз кылган окуя мындай болду. Атам каза болгон жылы айылдаш Алканов Райхан деген чоң атабыз бир коюн союп, Эржан деген айдоочусун айдатып алып куран окутуп келди. Дасторкон жазылып куран окулган соң айдоочусуна: “Сен кете бер. Өзүм чакырам”, — деп калып калды. Айдоочусу кеткен соң чоң атам союп келген койдун этин асып тамак жасадык. Саат түнкү онго чамалап калганда чоң атам биздин үйдө түнөп каларын айтты. Тамактанган соң апам ал кишиге конок бөлмөгө төшөк салып берди. Биз өз бөлмөбүзгө төшөк салдык. Мен эртеңки сабакка даярданып ашканада отурган маалда Алканов кирип келип көзүнө дары тамызып берүүмдү өтүндү. Жаман оюм жок ал жаткан бөлмөгө барып дарысын тамызайын деп жатсам мени баса калып күч колдонуу менен зордуктап салды. Өз ишин бүтүргөн соң: “Эч кимге айтпа. Айтсаң өзүң эле шерменде болосуң. Мен актансам эл ишенет, а сен али баласың, сага эч ким ишенбейт. Эл “башка бала менен жатып алып, эми чоң атасына жалаа жаап жатат” дейт”, — деп мени коркутуп койду. Мен анда болгону 13 жашта элем. Апам бизди катуу кармагандыктан ага айткандан коркуп жүрө бергем. Кийин Алканов Карышкыр деген лакап аты бар бир тууган инисинин аялы Динара аркылуу конок тосушууга чакырткан. Дагы бир жаман оюн ишке ашырарын билип баш тарттым. Ошондо апам Карышкырдын аялы айылдаш сиңдиси экенин айтып: “Улгайган, сыйлуу адам конок тосуп жардам сурап жатса барбай койгонуң уят. Жардам бергенден колуң сынып калбайт”, — деп мени Динара эжеге кошуп берди. Конок тоскон соң Динара эжени кетирип жиберди да, экинчи ирет каалоосун ишке ашырды. Максатына жеткен соң колума миң сомдой акча карматып, кийим-кече алып берип апама жардам берген киши болуп койду.

– А дарыны качан ичтиң?

– Кийин телефон чалып өзү эле чакырчу болгон. Барбай коёюн деп, бирок коркконумдан барып жүрдүм. Алканов менен болгондун эртеси ал мени мектепке жөнөтпөй 2-3 күндөп сабакка барбай жүрүп акыры мектептен чыгып калдым. Анын айынан же мектептен эл катары билим ала албай, же апам, эжелерим менен сырымды бөлүшө албай чүнчүп, жашоодон тажап дары ичип алгам. Эжеме болгон окуяны айтып берип жатканымда Алканов чалып эки күндөн кийин Таласка келерин жана бир курбу кызым менен анын үйүнө баруумду айтты.

Алкановдун мага көрсөткөн кордугуна ачуусу келген эжем аны менен бетме-бет сүйлөшмөк болуп Алкановдун үйүнө мени менен кошо барды. Ага жолугуп экинчи жаман ишке барбоосун суранды да, курбу кызым Бегайым экөөбүздү алып кетип калды.

– Ошону менен мамилеңер токтодубу?

– Жок, жанагы курбум биз менен барганда Алкановго телефон номерин калтырганга жетишиптир. Бир канча убакыт өткөн соң Алканов мага чалып курбумду ала келишимди айтты. Ачуум келип: “Өзүң чалып өзүң чакыр”, — десем, “кызганып жатасыңбы? Ал кыз өзү келгиси келип жатат, бирок даректи билбейт экен. Ээрчитип келип таштап кой”, — деди. Курбума чалсам, ал баргысы келгенин айтты. Эжеме айтсам, ал да мени менен барды. Ошол күн 2014-жылдын 25-октябры эле. Алканов эжемди көрөрү менен: “Кетип кал”, — деп ачууланды. Ал маалда абдан кеч болуп кеткен эле, ошондуктан биз ал жерде калууга аргасыз болдук. Ошентип, курбум Алкановдун жанына, эжем экөөбүз башка бөлмөгө жатып калдык. Бир убакта биз жаткан бөлмөгө Алканов ич кийимчен кирип келип мени колуман жетелеп башка бөлмөгө алып барып өз ишин бүтүрдү. Анын керебетине мен, Алканов, анан Бегайым болуп жаттык. Чогуу жаткан боюнча уктап кетиптирмин. Канча уктаганымды билбейм, бир убакта: “Бозо алып келчи”, — деп ойготту. Мен трусачан сырткы бөлмөгө чыгып баратсам, аркы бөлмөдөн эжем чыгып калды. Ал: “Алдагы кебетең эмне?” — деп мени чаап жиберди. Мен ыйлап калдым.

Ыйламсыраган сиңдиси үндөбөй калганда окуяны Гүлнара баяндай баштады:

– Сиңдимдин абалын көргөндө денем калтырап токтоно албай түз эле Алканов жаткан бөлмөгө кирип бардым. Ал энеден туума жылаңач жатыптыр. Эки жагымды карасам, көзүмө урунган жалгыз дихлофос болду. Убактылуу уктап калат деген ой менен бетине чачып жибердим. Ал атып туруп мени чаап калды. Мен жерге кулап түштүм. Туруп качууну ойлоп жаттым, бирок тура албадым. Өлтүрүп салбасын деген ой менен алысыраак жерде турган бычакты колума ала калыптырмын. Анын колума кандай тийгенин өзүм да байкабай калдым. Бычак колума тиери менен эле аны сайып жиберген жокмун. Коргонуу үчүн анын арт жагына качтым. Алканов алдымды торогондо коркуп кетип катуу чыңырып жибердим. Менин үнүмдү уккан Динара менен Бегайым бөлмөгө чуркап киришти. Көзү жакшы көргөн жок го, таягын көтөрүп Динараларды көздөй баратты. Аларга тийгизбейин деп Алкановду токтотоюн дедим. Ошондо бычактын учун тийгизсем токтоп калабы деген ой менен бычакты ага карай сундум. Бирок катуу сайган жокмун, бычак денесине кичине киргенде эле кайра сууруп алдым. Алканов “өлтүрбө” деп суранып кирди. Ошондо: “Мен сени өлтүрбөйм. Сенин да жан дүйнөң сыздап сиңдиме окшоп кыйналышын каалайм”, — дедим. Анан Динара менен Бегайымга кайрылып: “Болору болду. Эми дагы бир нерсе болсо экөөбүз алышабыз. Силер тезинен кеткиле”, — десем, Алканов аларды токтотту.

– Эмнеге?

– Ал өзүнүн артын ойлоду го, кан болгон шейшепти өзүбүз менен ала кетүүбүздү айтып, колума 30 миң сом берди да, бизди: “Бишкекке барып жашынып тургула”, — деди. Эгер өзү күнөөлүү болбогондо бизди жашырмак эмес да. “Жакшы болуп ооруканадан чыккан соң кабарлашам”, — деп, шаарга кайсы жол менен кетүүбүз керектигин айтып берди. Ушинтип сүйлөшкөн соң Динара экөөбүз шаарга келип Алканов жөнөткөн жерге барып жашынып жата бердик.

– Динаранын курбусу эмне болду?

– Бегайым үйүнө кеткен. Барып апасына: “Гүлнара эже мени коркутуп алып барып Алкановго салып берди”, — дептир. Апасы Алканов менен менин үстүмдөн арыз жазып милицияга кайрылат. Бул маалда Алканов түндө балдар келип кол салып, карактап кеткенин айтып ооруканада жаткан болот. Милициялар арыздын негизинде тергөө иштерин жүргүзүп биздин Алкановдун үйүндө болгонубуз аныкталып, жашынып жаткан жерибизден кармап кеткен. Алканов намысын коргоп бизди тор артына жаткырып салды. Биринчи сотто мага 14 жыл берген. Экинчи сотто 4 жыл кыскартып 8 жыл беришти. Былтыр мунапызда 2 жыл 2 ай 20 күнүм алынды. Үчүнчү сотто Динара менен Бегайымды 5 жылдан эркинен ажыратышты. Эгер мен ушинтип жаза аларымды билгенде ишкерди балталап, этин кууруп жеп кетмекмин. Бул иш анын айбанчылыгынан, небересиндей кыздарга көрсөткөн кордугунан улам болду. Анын акмакчылыгынын айынан менин, эки өспүрүм кыздын тагдыры талкаланды. Апам ден соолугунан ажырап талма оорусуна чалдыкты. Абактан чыксам үй-бүлөмө кайтам. Сиңдим апама каралашат. Учурда жолдошум 3 кызымды тарбиялап жатат.

Маектешүүнүн аягында Динара абак артында отуруп жазган ырларын окуп берди.

Чындык кайда?

Чындык кайда? Чындык эбак эскирген,

Чындык жатат бир эскирген кутуда.

Чындык таппай дале жүрөм энтигип,

Чыркыраймын жүрөк сыздайт абакта.

Чындык кайда? Сатылган бир акчага,

Чындык алсыз бийликтердин колунда.

Алсыз жесир, куурашты го жетимдер,

Аттиң арман, жашоо кайда баратат.

Чынын айтсам, чындык азыр жок экен,

Чындык эмес, акча ролу чоң экен.

Акча берсе чоңдун сөзү сөз экен,

Кутулдуң го оңой-олтоң бул иштен.

 

Апакебай

Алтын апа, кечирип кой кыздарыңды,

Аалам кенен, бирок ичи тар экен го.

Апакелеп эркелеген кызык күндөр,

Эске түшүп байкуш кызың кыйналды го.

Ах, аттиң, айла барбы, кантем, апа?

Сагынамын бир өзүңө жетпейм, апа.

Колум сунсам алыстасың, мен да алыс,

Көкүрөгүм ыйга толуп кетти, апа.

Даткайым Досматова, Булак: Леди.kg

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here