Чагылган:Playboy журналынын модели Дэни Мэтерс 70 жаштагы жуунуп жаткан кемпирди фитнес-борбордон тартып алгандыгы үчүн абакка кесилерин  New York Daily News жазып чыкты.

30 жаштагы модель сүрөттү «Снэпчатка» киргизип, астына: » Мен муну экинчи көрө  албайм, силерде көргөнгө дитинер барбайт»- деп жазып койгон.

Белгиленгендей,  акыркы чечимди 26-майда өтүүчү сот чыгарат.  Азырынча, Мэтерс жарым жыл түрмөдө отуруп, ага кошуп 1 миң доллар айып төлөөрү белгиленүүдө.

Мэтерс сүрөттү өткөн жайда эле интернетке койгон. Андан бери ага бир топ сындар айтылган. Андан тышкары, кызды  белгилүү радиошоунун танкы берүүсүнөн кетиришкен жана бир жыл боюу фитнес-борборлор ага эшигин жаап койгон. Дэни эл алдында кечирим сурап, мындай жазалардын ордуна  абактык жаза менен өтөөнү сунуштаган.

2015-жылы эркектердин белгилүү  Playboy журналы  Дэни Мэтерсти жылдын кызы деп атаган.  Америкалык актриса  журналга алгач 2013-жылы чыккан.  2014-жылы майда ал «айдын сулуусу» аталып, 100 миң доллар жана жаңы  Mini Cooper S Convertible унаасын белекке алган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here