Чагылган: Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев бүгүн парламенттеги КСДП фракциясынын жыйынында 2016-жылы жалпысынан 171 мигранттын сөөгү келгенин кабарлады. Төрага мигранттардын сөөгү көбүнчө Орусиядан,  андан кийинки орунда Казакстан  келерин айтты.  Маалыматка караганда, чет мамлекеттерде каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн алып келүүгө бюджеттен жыл сайын 5 миллион сом бөлүнөт экен. Бирок ага карабастан эле, бийликке  сөөк алып келүү маселесинде нааразычылыктар кез-кези менен  айтылып келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here